<<Айылым>>
Тоолору асман тиреген,
Айылыма эч жер жетпеген,
Ак монгу аска зоосунан,
Ай, жылдап кары кетпеген.
Кылымдар тоого багынган,
Карагай, арча жамынган,
Таштарды жууп ташкындап,
Суулары агат сайынан.
Бышырса жыттуу от наны,
Буркурайт жылуу сут таны,
Келатса бада бир шандуу,
Кереметко кечки кун батуу.
Коодонду жарат абасы,
Шыбактуу ороон, талаасы,
Кымыз жыттуу жайлоонун,
Чоптору шибер карачы.
Кой жайып, малын айдаган,
Бээ саап, жылкы байлаган,
Чаначтар толгон кымызга,
Ичкени таза сут, айран.
Элдери жашайт санаасыз,
Колдошот чогуу талашып,
Мейман дос келет кадырлуу,
Коногун тосуп баарлашып.
<<Жанар>> Ж.Г. 11.01.2017-ж. Бишкек