"“Эмне, төгүлүп-чачылып жатканымдан улам той берди дейсиңерби! Мен деле эл катары кошумчалар менен жабам деп ойлогом. Туй ата, бул жагы эмне болот эми?
Достор менен 5000, кошуналар менен 2000, тууган-урук менен 3000 сомдон ражабыз бар. Же алардын тоюна барганда бербей койсом бир жөн. Бир сомун кем кылбай конвертке салып алып барчумун. Бул эмне кылгандары!
Быйыл үйүмдү бүткөм, уулумду сүнөткө отургузгам. Экөөнү бириктирип той берип, элден бата алып коюну чечтим. Ар кимин бөлүп чакыра бербей, бир кафеге сүйлөштүм. Конокторду тизмектеп чыксам, туура 300 адам болду. Жайлоодон бодо мал алдырттым. Жубайым эки күн базарлап, приздерин, столдун үстүнө коюлчу конфет, мейиздерин алды. Ошентип, белгиленген күн да келди.
Жакшы эле чыгаша болдук. Эгер той бербесек, дагы бир там салганга жетип калмак.
Саат алтыга дегенбиз. Коноктор адаттагыдай кечигип келишти. Айрымдары кошумчанын ордуна көйнөк, калпак көтөрүп алышыптыр. Эми жөн эле койбойбу, анысы кие турганга деле жарабайт. Ачуумду келтиришип, “кошумчаны кийин берип коем”,- деп, пакетин узатышты.
Кафенин ээсине тайкем кошумчаны бергенде берем деп айтамбы.
Тамада сөз берип жатканда, ар кими куттуктап конверт кыстарып жатышкан. Ат-жөнү жазылбаган конверттерди алып жатып кабатыр болгом. – Туке, аты жокко. – Эми ким бергенин билесиң да. – Баары бир жазып кое берсеңчи. – Доске, эми акчасы болсо болду да.
Каткырып күлүп кутулуп жатышты. Ачып карайын дедим, бирок элдин көзүнчө тим эле коеюн деп чөнтөккө салып койдум.
⠀
Той аягына келди. Колдору бош келген коноктор, эки пакетти, айрымдары үчтү толтуруп алып чыгып баратышты. Столдун үстү таптаза, өзүбүзгө эч нерсе калган жок. Аялым, “сахарды дагы салып кетишиптир”,- деди.
⠀
Үйгө келдик. Балдар дароо төшөктөрүнө кулады. Аялым экөөбүз чыгашаларды эсептеп, конверттерди ача баштадык. Башында акча чыгып жатты, ортолоп калганда “пустой” конверттер көбөйө баштады.
⠀
Сыртка он жолу чыгып тамеки тартып келдим. Аялым ачууланып сүйлөнүп жатты.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 71
Ресторанга карыз болуп, той актабай калганымдан дагы, үйдө дагы бир ай той кылгам.....
Баарынан да чабылып, чачылып калып калган жаман экен...