Мына бүгүн ыйык айдын алгачкы күнүндө зор кубаныч менен ооздорубузду ачып алдык. Бирок оозубузду ачып жатканда Алла Таала (жж) бизге кандай керемет тартуулаганын көбүбүз билбесек керек. Ошол керемет үчүн кезегинде бизге Муса (а.с) пайгамбар дагы суктанганын билесизби?
Улуу пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (САВ) айтты:
"Муса (а.с) Алла Таала менен байланышып, анын кудуреттүү керемет сөзүн уккан пайгамбар. Ал бир күнү Алла Таала менен болгон мунажатында (маек):
- Оо, Жаратканым! Мени урмат кылгандай кимдир бирөөнү урмат кылдыңбы? Мени урмат кылгандыгың ушул даражада болду- өзүңдүн кудуреттүү сөзүңдү мага угуздуң,- дегенде, Алла Таала:
- Эй, Муса! Менде бир пенделерим бар. Ал пенделерди акыр заман убагында чыгарам. Бул пенделерди Рамазан айы менен урмат кыламын. Мен сага жакын боломун, бирок ошол үммөттөргө сага караганда жакыныраак боломун. Азыр мен сени менен сүйлөшүп турган убакта ортобузда 70 миң парда бар. Мухаммед САВдын үммөтү болгон ошол пенделер орозо кармап, ачкалыктан же суусап өңдөрү өзгөрүп турган болсо, алар ооз ачып жаткан убагында ошол пардалардын бардыгын ачып жиберем.
Эй, Муса! Кимде-ким Рамазан айында орозо кармап, суусаган болсо, курсактары ачка калган болсо ушуларга бактылуулук, ушуларга жакшылык болсун!, - деди."
Караңызчы кандай керемет убакытты башыбыздан өткөрүп жатабыз. Эң башкысы ошол парда ачылган убакытта кылынган дубаларыбызды, каалоо- тилектерибизди Алла Таала кабыл кылса экен деп күтөбүз жана ишенебиз.
Бул ыйык күндөрдө Куран окуу менен бирге намаздарыбызды бекемдей турган же баштай турган сонун учур келди. Аманчылык болсо намаз жөнүндө алдыдагы баяндарыбызда кеңири сөз кылабыз. Намаздын канчалык маанилүү экени жөнүндөгү бир икаяны сунуш кылабыз.
ШАЙТАНДЫН ЖАРДАМЫ
Бир топ жашка барып калган карыя мечитке намаз окуу үчүн келе жатты. Бирок карылыкка алдырып алдан-күчтөн тайгандыктан жолдон жаза тайып эки ирет жыгылып түштү. Эки жолу тең денеси ооруганына карабастан кандай да болсо намазга үлгүрүп, Алланын ыраазычылыгын алайын деп болгон күчүн жыйнап мечитти көздөй кыбырап келе берди. Бир кезде кайдан чыга калганы белгисиз бир бала келип, карыянын колтугунан сүйөдү да:
- Чоң ата мен сизге жардамдашайын. Жүрүңүз,- деп жетелеп жөнөдү.
Карыянын кадамы арбып, денесине жан киргендей болуп абалы оңоло түштү. Балага чын дилинен ыраазы болду.
- Рахмат балам! Өркөннүң өссүн! Алла Таала сага сообун берсин! Кимдин баласы болосуң чырагым?!- деп карыя балага суроо берди.
- Мен шайтанмын,- деди бала.
Карыя чоочуп кетти. Анан эсин жыйып шайтанды таңкалып карады да:
- Анда эмнеге мага жардам берип жатасың?,- деди.
- Сенин Аллага жан дүйнөң менен берилип, ушундай оор абалда болсоң дагы мечитке барсам деген ниетиң үчүн Алла сени бейиш менен сыйламак. Сен азыр эле жолдон эки ирет жыгылып түштүң. Дагы бир жолу жыгылсаң өлүмүң келет болчу. Өлүп калсаң бейишке кирет болчусуң. Ошондуктан мен сенин ушундай абалда өлүшүңө каршымын. Жер басып жашап турганың жакшы. Айтор бир жаңылыш нерсе жасап балким тозоктук болуп каларсың. Ошондуктан мен мурдагыдан дагы катуу иштешим керек. Абайла абышка жыгылып калба! - деген экен шайтан карыяны бекем кармап...
Сабак:
Шайтан өзү коркуп жаткан улуу ибадатты мүмкүн болушунча аткарып карыя сыяктуу бейиштик болууга умтулалы.
Хадис:
« Пайгамбарыбыз айткан: Акыйкатта, орозо тутуучунун, ооз ачар алдында кылган дубасы кайтарылбайт»
(Ибн Маджах 1753, ал- Хаким 1/422)
«Орозо кармаган адам үчүн эки кубанычтуу учур бар: Бири- ооз ачардагы кубанычы. Экинчиси- Жараткандын алдына барганда орозосунун сообун алгандагы кубанычы»
(Аль- Бухарий, Муслим Риваяттары)
Жараткан Алла Таала пардасын ачып жиберген көз ирмемдерди жашап жаткан ар бир орозо кармаган бир туугандарыбызды орозосу кабыл болсун деп тилек кылабыз. 🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев