Айдай бала кезинен озунун келин болгонун озгочо элестетчу. Аппак жоолук салынып, чай куюп, деги койчу соонун кыялдарды кыялданып жашар эле. Мына келин болду. Жузу албырып, коздору бакыттан жанып тургандын ордуна тунжурап жузу муздак. Кулгон, эмес келин коргону келгендерге кабагын ачып жылмайбайт. Бектурган да жанына кире албай коп убакыт сыртта журот. Мындай учурда бири бирине тойбой суйуулору ашып туруу керек эмес беле. Ооба кудум ошондой болмок. Эгер ошол адырдагы Айдайдын журогуно очпос жараат калтырган окуя болбогондо. Уч кундон кийин Гулумкан келинине салам салдыртып сыртка алып чыкты. Уйго кирип эле
-Атана салам берип жугун балам, - деди. Айдай жузун которбой жугунду.
-Кудай жалгасын, бактылуу болгула. Келин эмес, оз кызымдай бол, - Мырзанын унунон кыздын денесин майда калтырак басып аран турду. Чайын сунуп эле ашкана тарапты коздой качып чыкты. Эмне кылаарын, кандай жол тутаарын билбей катты. Жаны уйдо, жаны жашоо. Ар дайым корккон, тушуно чейин кирип азап берген ошол муздак коздор, эми даана жанында ээрчип журот. Кайда басса, кандай кыймыл кылса да артынан карап тургандай кооптонот. Эч качан озу жалгыз калбайт. Гулумдун артынан ээрчип же жанынан чыкпайт. Кайын энеси да жалгыз, биринчи келиним деп озгочо мээрим тогот. Бул уйдо бир гана ушул аялдан мээримди туя алды. Балдарына кылган мамилесин коруп, "менин апам неге мындай эмес" . Же "Гулумкан неге менин оз апам болуп калган эмес" - дей берчу болду. Гулум уйдо жок болсо, кичинекей балдардан бироосун созсуз жанына алып журот. Мынтип жашоо азаптын озу болчу. Конулун алам деген Бектурганды ансайын жек коруп баратты. Экоо жубай болуп бир болмодо, эки башка бурчта укташат. Айдай туну менен коркуп уктабай чыгат. Азыр Бектурган тура калып, келип баса калчудай андан козун албай тан аттырат. Уч ай ушул азап менен жашап журду. Мырзага бет мандай чыккандан коркуп, бир дасторкондо да тамак иче албай, жумушун жасап журо берет. Гулумкан гана "келиним дагы эле уялып коно албай журот" - деп озунчо бушайман. Айдай болсо озун жутуп алчудай тиктеген Мырзанын козунон кайда жашынаарын билбей тыбырчылайт. Тун ортосу, келин болмосундо эшикти ичинен бекитип алып бурчка тыгылып олтурат. Бектурган достору менен кетип копко жоголду. Ал болсо да бир жагынан тынч эле. Мына терезеден бир караан корунуп отуп кетти. Айдайдын журогу эми даана тушту. Уйдун ичин кыдырып учтуу нерсе издеди. Кире калса озун коргоп алганга даярданып алды. Жок кайра караан корунбой кетти. Козу илинип кеткен келинди эшиктин тарактаган уну ойготту. Колундагыны бекитип эшике жакын келгенде, Бектургандын:
-Айдааай! - деген унун угуп чоочуп кетти. Эшикти акырын ачса бутунда тура албай мас болгон жолдошу. Оозунан чыккан ичимдиктин жытына чыдап болбойт.
-Сен эмне ичтинби?
-Ооба, досторум бактылуусун деп суктанып куюп беришти. Ичтим. Аябай бактылуумун дедим. Ичимде болсо жанып бараттым. Айдай сен тушуносунбу? Жашаган уч айда келинчегиме колум да тийбеди десем мени досторум кандай мазакташаарын. Жок айтчы эмнеге биз мынтип жашашыбыз керек?
- Бектурган сен мас болуп калыпсын, эс ал. Жур ордуна.
-Эмнее? Кайсы ордума, сенин жанынабы? Айдай эмнеге? Тушундуруп берчи? Ушундай жашоо мумкунбу? - жигит чын эле ызаланып жатты.
-Могу орттонуп жатат тушуносунбу сен? Жигит муштуму менен журогун корсотту.
-Мен сага айткам биз жашай албайбыз деп.
-Себебин айтчы?
-Мен башканы суйом! - Айдай кыйкырып жиберди. Оюна ушул келди. Ушинтсем азыр мени кое берет деп ойлоду. Ансыз да мас болуп ызаасына чыдабай турган Бектурган Айдайды жаака чаап жибергенин, озу да сезбей калды.
-Эмне дейсин? Сен менин аялым экенинди унутуп калдынбы? Козумо карап башкасын суйом дегенинди кандай тушунойун?! Жигит кызды басып жыгылды. Айдай кутулуп чыга албай калды. Жалооруп, суранып кое бер деп жалбарып жатты.
-Суранам тийбеее, кое бер мени?!
Бектурган уккан да жок. Ушунча айдан берки ызаасы, Айдайга деген каалоосу куч алып кызды уйпалап жиберди. Оз максатына жетип шалк этип жатып калды. Айдай бурчка барып бурушуп олтурду. Ыйлап жатты. Чалкасынан тушуп уктап жаткан куйоосун жекире тиктеп алды. Кокурогундогу куйут, арман, оору Айдай озун ушунчалык алсыз экенине боору ооруду. Кантип ушул уйдо жашайт? Бектурган ушул кунго чейин тийбей келсе кубанып, балким мени кое берет деген умут пайда болгон. Эми кантип? Мырзанын айбандык ишин, зоокур коз карашын кантип актайт. Ар дайым артынан андып эч ким жок болсо баса калчудай ээрчип журот. Кимге тушундурот? Ким ишенет? Чыркыраган чындыгын, журогуно комуп салды. Акырын ордунан туруп, уйдун арт жагына отту. Капкара кою тун. Терен дем алды. "Менин эч кимге керегим жок! Ким мен учун куйот? Ким мени тындайт? Бир жолу, бир адам келип козуно караса тушуноор эле го? Апа кайдасын? Мага канчалык керек экенинди сезип аттын бекен? Кызындын журогу ооруп, зар какшап ыйлаганда сенин журогун туйду бекен? Мага сенин кымбат белегин, акчан эмес, мээримин, кенешин, колдоон керек экенин качан тушуносун? Мына эми менден туболук санаан тынч болот. Анткени мен силерди таштап кетем, ооба ырайымсыз бул дуйнодо менин ордум жок сыягы."
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2