Кыргыз кызын качан эле той менен шаан-шөкөт кылып узатты эле. Сырттан караган адамга ыксыз чыгым экени байкалат. Куда-сөөккө жакшы көрүнөм болуп болгон тапкан ташыганыбызды чачып күндөн күнгө өлкө артка кетип атат. Кызымды узатам деп 300 000 миңге той өткөргөн өтө эле аша чапкандык. Ал кызды алган бала намыстанып 500 000 миңге той өткөрөт. Акча бир күндө асманга сапырылып өздөрү он жылдап Орусияда тентип жүрүшөт. Ошол акчага 50 000 миңден эсептегенде 16 уй келет экен. 20 000 миң сомдон эсептесек 40 шв.машинка алып же үй салып берсе жаш үйбүлө тез бутунан туруп кетпейби. Орусияга барып балдарын кошо киргиз кылып келишет таңдын көрүнүкү...
Чет өлкөгө көп чыгып кайра келгендер билсе керек. Кыргызстан жарды экенин аэропорттон эле сезиле баштайт. Анан тим эле той бергенибизди айт. Эптеп карыздап же акчалууларды чакырып той өзү менен жапты кылабыз. Азыр эл тойдон тажады. Кошумчасы жоктор, аярлуу катмарлар тойго чакырылбайт көбүнчө. Себеби тыйыны жок. Кымбат ресторан бир кишиге кеминде 2500-3000 сом. Аны аярлуу катмар көтөрө албайт да. Айлыгы беш миң сом болсо тойго берип отуруп калмак беле. Азыр эл жөн той бербей калган. Бүт эсептеп чакырат. Кызды тынч эле узатып. Үйлөнүү тойдун чыгымдарын азайтыш керек! Акчасы ашып ташып аткандар оор үй-бүлөгө белек кылып беш шв машинка, үч уй сатып берип койсун. Жашоонун алгачкы кадамын жакшылык менен, кайрымдуулук менен баштаса эмнеси жаман? Биякта миллион сомго той өтүп атса тиякта беш баласы бар жесир аял 15 000 сомго швей, машинка сатып алалбай атат. Мунун эмнеси теңдик анда. Ошончо ашып атса 100 студентти бир жылдык англис тилинен курска жазып төлөп койсун. Кандай жакшы... Биз жаштар, улуу муундун өкүлдөрүнөн үлгү албайлы. Булар салт эмне экенин аңдай албай калышты. Себеби союздун идеологиясы күчтүү болуп баарынан кур жалак калышкан көбү. Өзүбүз илгерки аксакалдардан сурап тарыхка кайрылалы. Жетет уже орусту жакшы эле пир туттук. Бир жылда эки миллиард доллар мигранттардан келип кайра эле ошол акча той-топур менен чыгып кетет экен. Сырткы карызыбыз өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17
Менин кошунам келин алды карызга батты кредит алды.карыздан кутулуу учун жан аябай иштеди.ооруп калган кундору да суйролуп ишке барып журду ондон азды кыйналдыбирок чыдады ден-соолугу да начарлай баштады,кутулдум.
Озуно оору арттырды.
Мен да айтаар элем алыста жургондо акчаны титиреп-калтырап табабыз .жоноткон акчаны колуна алганда ойлосо?эгер мен ушул акчаны мээнет менен тапсам кандай болмок?-деп