Предыдущая публикация
Ала-Тоодо абдан сонун жаңылык,
Аалам турат балбан кызга багынып.
Алып келди чемпиондук Айсулуу,
Алтын күздө алтын медал тагынып.
Куп мүчөсү, келбетине жарашкан,
Көз тайгылат ага тике караштан.
Аркасынан ээрчип келет топ кыздар,
Алтын, күмүш, коло тагып жарашкан.
Жеңиш алдың коргоп кыргыз намысын,
Желбиретип кыргызымдын желегин.
Беттешкенин көтөрө чаап заматта,
Балбан кыздар байгелү орун ээледиң.
Тулпар өңдүү көк бөрүгө чапкандай,
Турасыңар мелдештерди сагынып.
Алтын күздөй, алтын кыздар көп болсун,
Алтындарын олимпиаданын тагынып.
Маматыса
Абдыкаимов
Ош шаары
25. 10. 2021ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 28