АША ЧАППАЙ ЖҮРГҮЛӨЧҮ АЙЫМДАР
Кара кийип, кайгы-муңду чакырган,
Кудай куткар, ниети жаман катындан.
Жүзүн жапса, кара менен чүмкөнүп,
Жүрөгүндө эмнелер бар жашынган?
Айландырып жүрөгүңдү көөнүңдү,
Чакырышат эрлерине өлүмдү.
Чыга калса, карпа-курпа алдыңдан,
Зырпылдатат жүлүн эмес сөөгүңдү.
Кылымдардан, кылымдарга келеаткан,
Кыргыздарда, мындай салт жок карасам.
Бир жакшына кийим кийчи айымдар,
Бет чүмкөбөй, тулку бойго жарашкан.
Аялдары кыргыз элдин илгертен,
Арабдардын бул кийимин кийбеген.
Элечекти ыйык тутуп баарынан,
"Хиджап"- деген сөздү такыр билбеген.
Аял заты "ассалоому алейкум"- дечү эмес,
"Аман бол"- деп, саламдашып койчу эле.
Азыр болсо, "Амин"- дешет түшүнбөй,
Апалар "Оомийи
АТТИҢ АЙ
Жаш өттү деп кайгырбай,
Калем саптан айрылбай.
Келсем да казып ыр кудук,
Кечиктимби, балким ай.
Желмаян минип чапкылап,
Жетимиш жаштан ашасың.
Баштагыдай жаштык жок,
Бүкчүңдөп зорго басасың.
Алтымыштын кырында,
Аксакал атын минесиң.
Пенсия жашка жеткенде,
Карылк кандай билесиң.
Элтеңдеп жүрүп элебей,
Элүүгө келдик кенебей.
Эң сонун курак элүү жаш,
Эмне эле турам жемелей.
Кечээги күлгүн жаштык ай,
Кырктын кырын аштык ай.
Кайрадан кыркка кайрылсак,
Каткырып күлүп аттиң ай.
Онтотуп ойду кээ күнүдөр,
Ортолоп барат жаштык ай.
Ойноп бир кайра келсекчи,
Отуз беш жашка аттиң ай.
Жыл сайын өтүп билгизбей,
Жүзүмдү бырыш каптады.
Жылдарым издеп аттиң ай,
Жыйырма жашты таппады.
Он сег
ОҢДОП ЖАТАТ
Бүркүт окшош көкөлөгөн асманга,
Башкалардай убакыты жок жатканга.
Ойлогону күнү-түнү эли үчүн,
Оңой дебе Президент деп айтканга.
Эл башкаруу жеңил ишпи айткыла,
Журналистер жакшы сөзүң жазгыла.
Жамандабай эл шайлаган ажоону,
Мындан ары оозуңарды жапкыла.
Көрө албастар, көөнү сүйкөп атына,
Бир сөз айтпайт, элге жагар жакшына.
Алыстагы, жакындагы саткындар,
Окшоп кетет тээ илгерки бакшыга.
Көрдүк - билдик, кимдин кандай экенин,
Кыргыз элди, үй-бүлөөлөп жегенин.
Төңкөрүштө каза болгон жигиттер,
Чындыгында элдик баатыр дегеним.
Куулук кылып, Кудайдан жөө качкандар,
Келди-кетти, канчасы элди башкарды.
Караөзгөйлөр чөнтөктөрүн толтуруп,
Күтүп жүрдү, элин таштап качканды.
Куч түзү
ЖАЛПАК-ТАШТЫ САКТАЙЛЫ
Жалпак-Таштын, түгөнбөгөн жомогу,
Карынбайды жер жуткан дейт оболу.
Ошол жери мрамор таш болгон дейт,
Абдан кызык, көпчүлүктүн соболу.
Чын-жалганбы же болбосо жомокбу?
"Жергуй"- дешет, кокту менен колоту.
Элдин акын алдап жеген ач көздү,
Азыр дагы жер жарылып соробу?
Ишенгиле же ишенбе буларга,
Чын-төгүнүн, аныктаган заман жок.
Карынбайдын ташын кесип талкалап,
Жалпак-Ташта байып кеткен адам жок.
Жомок десек, бир жагынан чындыкпы,
Жерди казып, зыянкечтик калдыкбы?
Көзү тойбой, жерди чукуп адамдар,
Заман болду бир жагынан шумдуктуу.
Токтоткула жаман иште жарышпай,
Жер эненин көз жаштарын агызбай.
Жаратылыш бизден күтөт жакшылык,
Жалпак-Ташты сактайлы биз коруктай.
ЖЕТИ ДУБАН МЫРЗАЛАРЫ
Жети дубан аймагынын мырзалары,
Жаш, карылар чогулуптур бүтүн баары.
Таланттуу жазмакер деп Ордолуу Оштон,
Тайпаңарга кошупсуңар мени дагы.
Жакшылыкты каалап кетем баарыбызга,
Жакшы сөздөр жазылсын тайпабызда.
Ийгиликтин кемесинде бир сүзөлү,
Из калтырар адам болуп артыбызда.
Желбиретип жети дубан желектерин,
Жеңиш менен жүргүм келет дайым менин.
Жаратканым колдосун мырзаларды,
Жакшылыктын ээси болуп кыргыз элим.
Шумкар болуп, бийик учуп мырзаларым,
Хан - Теңирден угулсун ырдаганың.
Өчүрбөй жанып турган жашоо шамын,
Өмүрдүн эң ширинин сүр далайын.
Жети дубан элибиздин мырзалары,
Жер жүзүндө, силердей жигит барбы?
Бириктирген мырзаларды бир тайпага,
Бузулбасын элиби