Өзүбек деген ажы бар,
Сындаган балбан кыздарды.
Сөзүңдү угуп ыпылас,
Жүрөгүм абдан муздады.
Ээ, Өзүбек ажы;
Шакиртиң болсо атын айт,
Медреседен алган билимди.
Желегин биздин илдиби,
Жеңишке жетип кимиси?
Аларың жүрөт самтырап,
Араптын кийип кийимин.
Элимди алга сүйрөбөй,
Жоготкон эрдик билимин.
Ээ, Өзүбек ажы;
Кыздардын карап сандарын,
Калбаптыр такыр арманың.
Жакшы сөзүң айтмаксың,
Эркектей болсо дарманың.
Үркөрдөй болгон үч кызды,
Сүйлөдүң абдан жамандап,
"Окорочка"- деп тантыдың,
Калганбы мээң шамалдап.
Эмгегин сыйлап кыздардын,
Элибиз турса сүйүнүп.
Акаарат кылып кыздарга,
Ютубга чыктың жүгүрүп.
Кыргыздын чыкты үч кызы,
Алтындан медал тагынып.
Өзүбек ажы барып кел,
Коломтоң калган сагынып.
Кыздардын алып күнөөсүн,
Ажы сен кантип жүрөсүң?
Айтарга сөздү таба албай,
Айласыздан гана күлөсүң.
Хадисте турат жазылып,
Акаарат кылба кызга деп.
Адам заттын абийрин,
Алың жетсе бузба деп.
Эй, Өзүбек ажы;
Жаштарды туура үндөй жүр,
Жакшына сөздү сүйлөй жүр.
Кыргыздын балбан кыздарын,
Колуңдан келсе сыйлай жүр.
Маматыса
Абдыкаимов
25. 10. 2021 ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 40