Дагы бир чуу жаратып жаткан иш боюнча билдирип коеюн.
Быйыл кышта жаңы конуштарды кыдырып чыктым.
Мектептер жок. Балдар шаарга келип окушат же жөө жалаңдап алыскы айылдарга барышат экен. Дароо 15 мектеп, бир бала бакча салуу чечимин кабыл алдым.
Тендер деген балекет 10 жылдан бери иштеп келе жаткан. Ошол тендер деген немеге жамынып алышып, буга чейинки салынган мектептердин бир квадратын 820 доллардан салып келишкен экен. Сапаты да начар болгон. Жалпы республика боюнча алганда миллиарддаган акчалар желип кеткен.
Мен адистерди чогултуп алып, өзүм эсептеп чыктым. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрин 650 доллардан салса деле курулушчу пайда табат экен. Ошол себептен Мэрди дагы ал чогулушка каты