Жабыркаган жан дуйномду сергитип,
Кетким келет эч ким корбос жактарга.
Адам изи баспаган жер кайда экен?,
Таза аба,сайрап булбул бактарда.
Чарчадым мен,адамдардан ичи кир,
Коону сокур,коодону бош кобойду.
Заман эмес адам пейли бузулуп,
Сый урматтар бир заматта жоголду.
Аксакалдар айтар кеби тугонуп,
Насаат айтып,баш коз болоор ким калды.
Эл баштаган азаматтар азайып,
Оз комочун ойлогонго кун калды.
Эртенкиден умуттор аз,кундор аз,
Тентип кеттик,биз журбогон жер барбы.
Чондорубуз элдин жонун тилишип,
Мансап учун баарын сатты не калды.
Ойлонбосок бир чечимге келбесек,
Мышык ыйлаар кунго келип кептелдик.
Оз мекенде озголордон тепки жеп ,
Намыс олду жатып бердик тепселдик.
Тагаев Эрлан.