6-ХАДИС
ХАЛАЛ (АДАЛ) ДА, АРАМ ДА АНЫК
Башир уулу Абу Абдулла ан-Нумандын (ал экөөнө тең Алланын ыраазычылыгы болсун) айтымында: Алланын Элчисинин айтканын уктум:
Бирок: «Баары бир Алланын буйругун көрөмүн»-деп арам адалды ылгабай күнөөлүү иштерди кылып жүрө берүү бул эч бир туура эмес, наадандык жана зор күнөө болуп саналат, анткени Алла Таала Өзүнүн ыйык Куранын жана ыйык динди адамзат билбестиктен ар кандай күнөө, жаңылыштыктарды кыла бербестиги үчүн , аларды сактандыруу жана аларга Өзүнүн туура жолун билгизип, көргөзүү үчүн, өз ырайымдуулугу катары түшүрдү; Пайгамбарларын да ушул эле максат менен жиберген. (Котормочунун эскертүүсү).
Пайгамбардын аялдары мусулмандар үчүн эне катары болот.
5-ХАДИС
ЫРЫМ –ЖЫРЫМ ЖАНА ЖАРАМСЫЗ ИШТЕР
Момундардын энеси Айша (рози Аллоху анха) нын айтымында: «Алланын Элчиси мындай деди:
«Кимдир бирөө биздин ишибизге жаңылык кийрем десе ал (артка) кайтарылган (четке кагылган)».
«Биздин ишибизге шайкеш келбеген иш жасоочулар бизден куулуп ташталат».
(Муслимден)
4- Х А Д И С
АМАЛДЫН АКЫРКЫСЫ ЭТИБАР ЭКЕНДИГИ ТУУРАЛУУ
Абу Абд ар Рахман Абдулла ибн Масуддун (А.Ы.Б.) айтымында: «Биз анык ишенген Алланын Элчиси мындай деп айтып берген:
«Акыйкатта силердин ар бириңердин жаралууңар энеңердин курсагында өтөт: 40 күн урук түрүндө 40 күн уюган кан түрүндө, анан дагы 40 күн бир үзүм эт түрүндө болот. Анан ага периште жиберилип жан салат жана ага 4 сөздү жазууга буйрук кылынат. Ал жазуу төмөнкү төртөө: Анын ырыскы-насиби, анын ажалынын мөөнөтү, анын амалы(иш-аракеттери) жана касам ичип айтамын: Силердин кай бирөөңөр Бейишке кирүүчүлөрдүкүндөй иштерди кылып жүрүп анан ага (Бейишке) кирерине бир кадам орун калганда Анын (Алланын) жазмышы өткүрлүк кылат да ал тозо