АКЧҮЧ
Чимгентке барганда менин тилимди оӊой эле түшүнүп, эски таанышындай тосуп алып, быдылдап ар нерсени түшүндүрүүгө аракет кылган досумдун Фатима деген кичинекей кызы бар. Бир жолу ал чүчкүрүп жатканда, «акчүч» деп койдум эле, заматта эсине сактап алса керек, ошондон кийин эле үйүндөгүлөр чүчкүрсө деле «акчүч» деп өзүнчө жыргай берет. Казактарда чүчкүргөн адамга «сау бол!» деп айтышат экен, бирок ага карабай эле Фатимага бул сөз жагып калса керек, "акчүч" деп айтып алат да анан артынан жыргап күлүп коймой адаты бар. Ошол татуу кыздын жыргап жатканынан бир көрүнүш!
Сен кимсиң аялзат?..
Чынында эле сен кимсиң аялзат?! Балаң үчүн карууңду казык кылып түн уйкуңдан, күн тынымдан кечип, кара чачың агаргыча кара жаныңды карч урган, күйөөңдүн токмогун жеп алып, ал ооруп калса же башына иш түшсө кайра эле ага үйрүлүп түшкөн, анын намысын коргогон камкорсуңбу!?
Же ажылдап атып аны аракечке айланткан, аялзатына таандык назик мүнөзүң калып, ал бир муштаса сен эки муштап эрегишкен, акыры аны бычак көтөргөнгө же муунуп өлгөнгө аргасыз кылган канкорсуңбу!? Деги сен кимсиң?! Үй-бүлөнүн куту, ыйык мээрман эне, жаншерик жарсыңбы? Мажнун болгон жигитиңе колу жеткис Айсыңбы? Же айтып келатышкандай эркекке эрмек болуу үчүн анын кабыргасынан жаралган кадыресе эле бир
Иним!
Интернеттен бир тааныш кесиптешим, «Улан үч күн мурда сени борбордук аянт жактан көргөнүбүздоө, эмнеге бизди карап туруп, учурашпай кетип калдыӊ?»-деп таарынат. «Ой үч кун мурда мен Бишкекте эмей эле Алматада болчумун, бара элегиме бир ай болду»-десем ишенбейт. Анан мурда да кээ бир адамдар үйгө телефон чалып, иним алып, «Улан үйдө жок»-деп койсо, кийинчерээк, сүйлөшкүӊ келбесе башка бирөөгө эле айттырбайт белеӊ же үнүӊдөн тааныбай калат деп ойлодуӊбу деген учурлар да болгон. Кийин инимдин бар экенин, анын үнү мага окшош экенин билишкенде гана таарынычтары жазыла түшчү. Билбегендерге инимди көрсөтүп коеюн, алмаштырып ала тургандай деле өтө окшош эмес чыгарбыз….