"АЯЛЫН ҮЙДӨ БЕКЕР ОТУРАТ ДЕГЕН КҮЙӨӨЛӨРГӨ"
Иштен келип күйөөсү, кеч киргенде.
Мына эми дарбазаны бекитеерде.
Балдары, сыртта ойноп журушуптур.
Карап калды, бир саамга тикирейе.
Жаман жуман нерселерди, таштандыда.
Балдар аны айлантыптыр оюнчука .
Кийимдери булганган, боз ала чаң.
Эч нерсени албай ойноп капарына.
Үйдү карай жөнөдү кадам таштап.
Бир нерсенин болгонун, сезди байкап.
Кум менен суу төгүлгөн кире бериш.
Шашып өттү ал жерден да, шашкалактап.
Бөлмөлөргө баш багып, карап кирди.
Мынча эмне чачылган деп сүйлөп ийди.
Эртең менен, баары таза жакшы эле.
Мындай болуп кетеерин ал кайдан билди.
Аркы бөлмө тарапка да, чуркап барды.
Үйдүн ичи сапырылган, оозун ачты.
Дуба