Сырын мага сулуулуктун айтчы деги?
Сүйлөгөндө наздануудан кайтчы деги.
Жолдошум жок жүрөм деп азгырат эй,
Жолдо бүгүн бир келин таксидеги.
Көздөрү да жылмайып күлүңдөгөн,
Кирпиктери шам чырак үлүңдөгөн.
Кыздай эле зыңкыйган неме экен,
Келиндиги сыртынан билинбеген.
Сүйлөңүз дейт кыскартып алыс жолду,
Сөздөр улам куюлуп жарыш болду.
Мыйыгынан күлгөндө зырп дейт жүрөк,
Мына ошентип бир келин тааныш болду.
Ошентсе да тескери карап келдим,
Ойго батып тоолорду санап келдим.
Экинчиге алса го болчудай деп,
Эх кыялым ичимден самап келдим
Сен жанымда жүрсөң дайым жеңилдейм,
Сен турганда мен эч кимден жеңилбейм.
Толуп ташса көкүрөктө кубаныч,
Толкуса да чалкыса да төгүлбөйм.
Колдоп турсаң колдон алып жетелеп,
Көкүрөккө башың коюп коюп эркелеп.
“Ишенемин” деген сөзүң жетиштүү,
Ителгидей бийиктеймин көкөлөп.
Жаркылдаган кабагыңа тартылып,
“Жаным” деген сөзүң мени бар кылып.
Башка жерде жүрсөм үйгө шашылам,
Балапандай канат кагып талпынып.
Чоң бакытка толуп турат үйүбүз,
Чынар болду бирге эккен гүлүбүз.
Кыялыбыз ойлорубуз бир болуп,
Кылымга эч өчпөсө экен сүйүүбүз!
К Умаров
Буудайы кетип саманы калды,
Бууданы кетип чабалы калды.
Жалындай болгон өткүрлөр өчүп,
Жакшылар кетип жаманы калды.
Көрөгөч кетип, көмүскө калды,
Кемебиз азыр чөгүштө калды.
Тың чыкма, эрлер иш кылбай аттиң,
Тымпыйып баары сөгүшкө калды.
Бир мансап үчүн дубалап иймек,
Бийлиги үчүн тууралап иймек.
Эл үчүн иштеп "Эр Төштүк" келсе,
Эртеси чоңдор кубалап иймек.
Бирөөнү бирөө жактырбайт азыр,
Бирөөсү качса таптырбайт азыр.
Эл акысын жеп жүргөн чоңдор,
"Эр Манасты" да баткырбайт азыр.
Өзүнүн мүлкүн коротпойт азыр,
Өзгө бир жанды тоготпойт азыр.
Атайын шантаж уюшуп жолдон,
Алымбекти да жолотпойт азыр.
Колдорун дагы сунушпайт азыр,
Коноко дагы турушпайт азыр.
Курманжан да
Бир сулуу көрдүм бүгүн мен,
Боёксуз кашы чийилген.
Оймоктой оозу кыпкызыл,
Күлүңдөп көзү сүйүнгөн.
Башында жоолук оролуп,
Кирпиги артка ийилген.
Нукура сулуу жарашып,
Кыргызча саркеч кийинген.
Тартылып жүрөк булкунуп,
Таптаза жүзү туптунук.
Аруулук бардай ичинде,
Ак гүлдөй аппак кулпуруп.
Ак кардай таза сезилди,
Азгырып кетти сезимди.
Түшүмө чейин кирип бу,
Түн ичи жүрөк эзилди.
Багынтып кеттиң өзүмдү,
Багынтаар бекем өзүңдү.
Карааның эле жетиштүү,
Карасам эле көзүңдү.
Кабагың түшпөй күлүп жүр,
Капаска түштүм билип жүр.
Мен дагы сени сүйгөндөй,
Сен дагы мени сүйүп жүр!
Башкага такыр жолукпа,
Кызгантып жүрөк оорутпа.
Алсырап жүргөн сезимди,
Аксатпай эми толукта!
Камбаралы Умаров
Көздөрүңдөн кагылайын жакшы кыз,
Көргөндө эле чындап мага жактыңыз.
Тагдыр бизди жолуктурбай жаш кезде,
Таалайыбыз эки башка бактыбыз.
Кусалыкты айта албайм ичтеги,
Кубат алам сезимдерден биздеги.
Айга теңеп күнгө теңеп олтурам,
Аруулукту бийиктикти сиздеги.
Сезип билем назиктигиң көңүлдөй,
Сезим толкуп турат бирок төгүлбөй.
Кыялымда жетелешсем сен менен,
Кыйын күндөр өтүп кетмек сезилбей.
Көзүмдөгү элестерди тыя албай,
Көөдөн ооруйт сени эч кимге кыя албай.
Эргип жаздым ырларымды тизмектеп,
Эй жакшы кыз жакын келчи уялбай!
Камбаралы Умаров