"Досуң ким экенин көргөз, мен сенин ким экениңди айтып берем"
Досум Evraz Osmon !
Европада эмгектенип, Гарвардды аяктаган билимдүү, маданияттуу, ата-бабалардын каада-салт, үрп-адатын бийик туткан жигит. Четте окуган, иштеген ар бир мигрант кайтып барып, элиме кызмат деп тиленет. Евраз мырза ыйык, аруу тилектер менен чоң саясатка аттанып отурат.
Мени сыйлаган, урматтаган адамдар шайлап бересиздер деп терең ишенем.
Евразияны бирге багындырабыз
Саясат айдыңында жаңы жүз
#Альянс#Evraz_Osmonov#17
Кудайыма шүгүр, турмуш жолуна бирге аттанганыбызга 8-жыл.
Ортодо Искендер, Анэль аттуу балалуу болдук. Жубайыма ыраазымын, артымда тыл бекем!
Келинчегимдин алдыда Москва шаарында өтө турчу операциясы ийгиликтүү өтсө экен деп Жараткандан тилегеним ушул.
Балдарымдын апасы аман болуп, көп жаша.
Оорубачы!
Искендерим!
Айтылуу шумкар көздүү бол,
Адам таппас сөздүү бол.
Байсалдуу артык үзүлбөс,
Бак баштаган күчтүү бол.
Балага балтыр бешик бол,
Бакытка ачык эшик бол.
Улууну сыйлап жетик бол,
Кичүүгө өмүр кешик бол.
Аккан суунун шары бол,
Балбандардын алы бол.
Оорулууга дары бол,
Опол тоодой кары бол.
Кыдыр болсун жолдошуң,
Кыйың күн башта болбосун.
Оомийин Кудай колдосун
Апаке туулган кун, 55-жаш кутман курагыңыз кут болсун, атам экөөңүздөр 3-кыз, 1-уулду татыктуу тарбиялап өстүрүп, бойго жеткиздиңер.
Канча деген күч, энергия, ден-соолук, жаштык биз учун жумшадыңар...
Аллахым ден-соолук, узак өмүр, дөөлөттүү карылыка жеткирсин. Атам экөөңүздөр небере жетелеп, жытын искеп, биздин төрүбүздүн көркү болуп, аман болунуздар.
Атам аска-зоом, энем аралай аккан булагым!!! Апаке көөп жашаңыз!!!
"Балам балалуу болгондо билесин"!