Чал кемпирин азилдейт.
Кел кемпирче жаштык кезди эстейли
Сен экөөбүз жүргөн кезди эстейли.
Сага барган күндөрүмдон бир элес
Ышкырганда апаң чыкчуу кездерди.
Кыштын күнү ызгаар суук көчөдө,
Караңгы түн аппак кар чөйрөдө
Бара жатам жалгыз аяк жол менен
Кудуңдап жылмаю бар жүзүмдө.
Сага бардым ышкырыгым таш жарат,
Сен чыкпайсың неге мынча жалдырап
Жиним келип каттуу үн чыгарсам
Сен кыйкырдын мени апам чыгарбайт.
Кой алтыным эстебейли жаштыкты
Сени апаң сырткарыга чыгарбайт.
Андан көрө журоберчи жанымда
Алтындай болуп жаркылдап.
Автор.Абылкасымов Уланбек.17.05.2021