Урматтуу достор жакында "СҮЙОЛОГИЯ" аттуу алгачкы ыр жыйнагым жарык көргөнү турат буюрса, андыктан сиздерди 28-ноябрда 14:30да КТРКАнын концерттик залында өтө турган алгачкы ыр китебимдин бет ачаар аземине чакырам. Кечени жазма акындар, төкмө акындар коштоп, лирикалык юмордук, сатиралык жанрдагы ырларым элге тартууланат. келип көңүл ачып кетиңиздер. Баарыңыздарды күтөм. Кирүү акысыз.
2018-жылдын жыйынтыгы...
Калемдеш достор, ыр суйуучулор, баары "эле эмне дайынын чыкпай кетти, эмнеге жаны ыр жазбай калдын"- деп коп суроо узатып жатышты эле. Жообу томондогудой. 2018-жыл биздин уй-булоо учун жакшы жылдардан болду. Жайы бою курулуш менен алек болуп, кузундо "Досум" экообуз жаны уйлуу болдук. жаны Сарай салдык. Кыскасы баары жакшы. Мына бугун эле жаны темир тулпарлуу болдум. ошооо... Эми буюрса чыгармачылык менен алек боло баштайбыз буюрса. Ушул жакшылыктардын баарына жеткирген Аллага жана ата-энеме терен ыраазычылык билдиребиз!
Түбү бир Түркий калкынын жалындаган жаштары кереметтүү Самарканд шаарында өнөр тартууладык! Биздин төкмө акындар ырдагандай: " Бир бээнин эмчегиндей,
Бир төөнүн өркөчүндөй", болгон дили дагы, тили дагы, дини дагы, адабият менен маданияты дагы бир болгон, жүрөгү башка болсо дагы жүлүнү туташ болгон бир атанын балдары бакытка балкыдык!!! Уюштуруучуларга чооооооң Рахмат!!!