Кечээги Ынтымак турниринен бир көрүнүш.
Ассаламу алейкум улутубуздун учугун улаган улуу жана учкул сөздөргө бай келген урматтуу мекендештер!!!
Кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей,бир айдан бери ийри олтуруп түз кеңешип,элдин ынтымагы менен биримдигин чыңдоо максатта уюштурган оюн зоок көңүлдөгүдөй өттү десем аша чаппасам керек.
Жалгыз иттин үргөнү билинбейт,жалгыз кишинин жүргөнү билинбейт дегендей бөлүнүп бөрүгө жем болгуча, Манас атабыз айтып кеткендей "бир жеңден кол,бир жакадан баш чыгарып", кыргыздар бөтөн эл бөтөн жерде бири-бирибизге өйдөдө өбөк,ылдыйда жөлөк болуп турсак кандай гана суктанаарлык иш.
Белгиленген күн келип, хадико атфаалды көздөй жөнөп калдык.
Кеменгер кыргыз эл
Бейиштей жерди жердеген,
Улуту кыргыз эл деген.
Кымыздан ичип таң заардан
Кызарып жүзү тердеген.
Карк эттирип кекирсе
Кийиктер үркүп келбеген.
Жигиттер ойноп жарышып
Ат жалында жел менен.
Элиңди такыр унутпа
Адамсың сен эл менен.
Жарышка түшсө түрүнүп
Аккуладай тердеген.
Кыйын болот кыргыз уулдары
Намысты колдон бербеген.
Ачсам тарых беттерин
Эсиме түшөт кичинем.
Кусалыка батамын
Сагынып ич ичимен.
Жыйынтык чыкты сүйүнчү
Экинчи орун буйруптур
Эки жүздүн ичинен.
Өткөндөгү "الموشور" аттуу китептен болгон мусабаканын жыйынтыгы чыкты. Жыйырма тогуз улуттан жалпы эки жүз студент катышыптыр. Буюрса кийинки китеп фатиха сүрөөсүнүн тафсиринен болмокчу. Байгеси дагы жогорулады. Кырк суроодон т
Аяз ата келет деп
Бизге белек берет деп,
Жаш балдарды алдашып,
Жиндилердей айланат
Тегеренип кармашып.
Акылдарын иштетпей
Көк мээ койдой айланып
Адамдыктан чыгышат.
Бир тал тигип койбостон
Жамандыкты жойбостон
Душманды жыгып жаткансып
Жайы кышы көк арча,
Көк тиреген көп арча,
Так түбүнөн жыгышат.
Анан тынчыңды алып жан койбой,
Далайын дүлөй кылышат.
Так ушул күнү далай кыз
Намысынан айрылат.
Канча шордуу ыйлашып
Канаттары кайрылат.
Айырма калбай чочкодон
Жерди сүзүп кулашат.
Көкмөк болгон арчалар,
Тамырынан сулашат.
Тапканын чачып асманга
Талтаңдашат канчага
Таттуу уйку бербей ушул күн
Тоскоол болот жатканга.
Жүрөгү түшөт кээсинин
Тарсылдагын атканда.
Согуштай эле сезилет
Эл жу
Сүйүнчү калкым сүйүнчү!!!
Кубанганда жетекчи, кайгырганда кеңешчи болгон урматтуу элим, сиздер менен кечееги саамалыкты бөлүшүүнү эп көрдүм. Бир ай мурда"الاستقامة فى العمل والدعوة" деген китептен тест түрүндө мусабака болгон эле. Жалпылай 10го жакын улуттан сексендей студент катышыптыр. Ошолордун ичинен үчүнчү орун мага буюрган экен, кубанычым койнума батпай олтурган чагым.
Түшүндүрмө;
" башкаларга дин жеткизген адам кандай болушу керек жана дин жеткирүүнүн ыкмалары, жан дүйнөдөгү руханиятты кантип күчөтүү керек жана аны сактап калуунун жолдору, чоң жыхат менен кичи жыхаттын айырмачылыгы, биз бүгүнкү күнү сахабалар сыяктуу боло алабызбы?" ж.б.у.с арап тилинде суроо жооп болгон эле.
Беле