Аламан байгени угуп,
Атайын келди эшек.
Тартынбай чыкты ортого,
Чуркайм деп болбой чечек.
Укукту чектебегин,
Мен да туяк бар дейт.
Анча мынча аттарыңдан
Көбүрөөк уят бар дейт.
Кыска ооба,
А бирок жалым да бар.
Жылкыга тууганчылык
Илгертен канымда бар.
Теримде жүнүм сонун
Теңешсе үнүм сонун.
Айырма чыкпайт бизде
Ал тургай окшош богум.
Мен тартсам жайда чөбүн
Жылкы жейт кышта көбүн
Темселеп тышта калсам,
Ат ээлейт короо төрүн.
Кыскасы катышам деп
Эшекең токтотту кеп.
Катарга келип турду
Ооздугун кырча тиштеп.
Катташты калыстар да
Катышсын мейли дешип
Каттоого алып келген
Эшектин "пулун" жешип.
"Чу" деген ат айдоочу
Эшекти алга койду.
"Буттары кыскараак" деп
Шылтоосу ошол болду
Анткени