Көңүл оорутуу жүззам болуудан да жаман
Калб (көңүл) – бул көкүрөгүбүздүн сол тарабындагы эт бөлүгү эмес. Ал жүрөк деп аталат. Жүрөк айбанда да, өлгөндөрдө да болот. Көңүл болсо адамга таандык.
Көңүл - бул бир кубат, көзгө көрүнбөйт. Таасирлери жана өзүнөн пайда болгон нерселер менен таанылат. Имам Раббани (куддисе сиррух) мындай деген:
Көңүл – Аллаху тааланын коңшусу. Аллаху таалага көңүлдүн жакын болгонундай эч бир нерсе жакын эмес. Момун болсун, аси болсун, эч бир адамдын көңүлүн сындырбоо керек. Себеби, аси болгон коңшуну да коргош керек. Сактангыла! Сактангыла! Көңүл оорутуудан өтө сактангыла! Аллаху тааланы эң көп таарынткан куфурдан кийин көңүл сындыруудай башка чоң күнөө жок. Себе
Бир кыз турмушка чыгып айылда жалгыз жашаган кайненеси менен биргеликте туруп калышат. Турмушка чыкканына бир жума боло элек жатып келини кайненеси менен бир түндүктүн алдында жашоо мүмкүн эместигин түшүнөт. Анткени экөөнүн мүнөздөрү бири-бирине терс келип, келин кандай иш аткарса да энесинин көңүлүнө толбой: бул нерсе туура эмес, тигини тетири жасаптырсың деп эптеп шылтоо таап кагып-силке берет. Келин күйөөсүн өтө жакшы көргөндүктөн кайненесинин ʺбөйрөктөн шыйрак чыгарганʺ кыялына чыдап жүрө берет. Арадан төрт ай убакыт өткөндөн кийин кайненесинин заар тили менен жемесинен тажаган келини айласы кетип, ошол чөлкөмдө дары чөптөрү менен атагы таш жарган табып аялга барат. Апакай кийинип отурга