БЕРЕКЕМ АТАМ
Ата деген аска зоо дейт кок тиреген.
Эне анын булагы дейт кемибеген.
Ата энемдин меериминде элжиреген.
Куйуп турган шам чыракмын эрибеген.
Атам менин касиеттуу ыйыгым.
Ойдодо обок жолок болгон сыймыгым.
Жол корсотуп туура багыт мелжетип.
Тайып турсам жолоп койгон тымызын.
Ак ниеттуу баарыбызга койну кен.
Дуйнодо жок сендей адам боорукер.
Калыс созун аябаган эч кимден.
Атам менин ардактаган берекем.
Жаш кезинден окуп иштеп кызматта.
Жакшы жашап сый устундо урматта.
Тарбиялап бизди окутуп чонойтуп.
Кете бердин доорун суроор убакта.