Предыдущая публикация
Сууга тойгон, булуттарды саады.
Үйдүн үстү тамчы түшсө дырыңдап.
Шыйпырдын да, басылбады жаагы.
Ана сага, кайра жамгыр баштады.
Айланайын, асман мынча жаштады?
Арман - дарты, ашып кетсе керек да.
Жөн жайыттан төгүлбөйт го жаш дагы.
Мейли төксүн, төгө турган мезгили.
Бүгүн менен төртүнчү күн эздиби?
Бирок чиркин, бүт айлана жаркырайт.
Муну менден, бөлөктөр да сездиби?
Тиги дарак, жашыл көйнөк кийинип.
Тамчыларга, жаткан өңдүү сүйүнүп.
Жааганда, - жаап алсын туурабы?
Такыр тамчы калбаганча ыйынып.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1
Жазган ырларың өтө маанилүү, тарбиялуу.