Тиги өскөн кекиреби? жок, беде. Жашап көрдүм, интернети жок деле. Айланайын достугумда сулуулар. Араңарда бойдок кыздар жок беле)) Тиги учкан самолетпу? ой булут. Кыздар үчүн эң арам иш, сойкулук. Араңарда бойдок кыздар болгондо. Өлүп кет деп, алат элем той кылып)) Тиги турган, аялбы же эркекпи? Тээтигиби? эркек. ал не тентекпи? Эркек болсо - жыртык-журтук шым кийбей- - жүр деп - айтып коюш керек тентекти. Тиги эмне? кайсыл? тиги, ал өрүк. Өрүк болсо, эмне мынча жалооруп? Ким билсин эх, жалгыз өскөн өрүк да. Жалгыздыка, жаткан чыгаар жаны ооруп. Деп тантырап, жазып койдум бир деме. Коркпогула, көптү эмес, бирди эле. Азыр бойдок кыздар куруп калганбы. Күйөөсү бар, сурашты
Олтурасың однодо күлүп коюп. Анча - мынча лапшадан илип коюп. Сүрөтүңдү апапак жасап алып. Көрүнгөндүн жүрөгүн тилип коюп. Жагалданып акеси кандайсыз деп. Бир өзгөчө, башкача жандайсыз деп. Сизден бөлөк эч кимге жазбаймын деп. Мен да десе, коюңуз алдайсыз деп. Ким бирөөнү жактырган белеңиз деп. Кандай келин жактырат энеңиз деп. Хоп десеңиз махабат ааламыны. Тегеренип экөөбүз келебиз деп. Мен эңсеген мырзага окшодуң деп. Сурасаңыз сиздики кош колум деп. Анан сени жактырып калса байкуш. Болбогон бир нерсеге кош болуң деп.
Бүгүн дагы төгүп жамгыр жаады. Сууга тойгон, булуттарды саады. Үйдүн үстү тамчы түшсө дырыңдап. Шыйпырдын да, басылбады жаагы. Ана сага, кайра жамгыр баштады. Айланайын, асман мынча жаштады? Арман - дарты, ашып кетсе керек да. Жөн жайыттан төгүлбөйт го жаш дагы. Мейли төксүн, төгө турган мезгили. Бүгүн менен төртүнчү күн эздиби? Бирок чиркин, бүт айлана жаркырайт. Муну менден, бөлөктөр да сездиби? Тиги дарак, жашыл көйнөк кийинип. Тамчыларга, жаткан өңдүү сүйүнүп. Жааганда, - жаап алсын туурабы? Такыр тамчы калбаганча ыйынып.