"Күйөөңдүн жаманын айтпа кызым.
Так калбасын жүрөктө, ал да сыйың.
Кечирсең да сен аны мен энемин.
Энелерге кечирүү абдан кыйын.
Жаман болсо жакшы деп жашырып кой.
Жамандыктан аз гана жашынып кой.
Сенин бүлөөң аябай тынч экен деп.
Көөдөнүмдө жашасын жакшылык ой.
Турмуш кээде татаал, сабырдуу бол.
Сабырдуулук эң эле кадырлуу жол!
Жаратканым ар дайым мээрим төгүп.
Айланайын секетим бактылуу бол..." -
деп ар бир эне перзентке күйөөр.
(Автору: Таирбек Ерматов)