Ийгиликке кадам: Адамды жакшы иштерге шыктандырган насааттар
Кээ бир учурларда бир чоң ишти баштоо үчүн кичинекей эле түрткү жетишпеген учурлар болот. Алдыга жылуу үчүн ал-күчүң жетишпестей сезилип, колду шилтеп баарын таштап салчу убактар келет. Мына ушундай абалда төмөндөгү шыктандыруучу санаттар өз таасирин берет деген ойдобуз. “Өз алсыздыгын жеңе алган адам күчтүү” дептир бир акылман. Эмесе күчтүү адам болууга аракет жасайлы!
Өзүңдү жеңе албасаң, анда өзүңдөн жеңилгениң ошо.
(Наполеон Хилл)
Өзүң сүйгөн кесипти танда – сен ошондо жашооңдо бир да күн иштебейсиң.
(Конфуций)
Агым менен сүзбө, агымга каршы да сүзбө – өзүңө керектүү багытка сүз.
(Грейс Хоппер)
Башка бирөөнүн ою менен бо