========Күмөн кылба========
Келет кетким, кетким сенден алыстап,
Кечир мени, кете электе закымдап.
Сездим бүгүн, сезим кургур түйшөлүп,
Калган экен, адаттан тыш жакындап.
Күндө салам, күндө карап эрте кеч,
Күлмүң кара, көздөрүңөн талбай эч.
Күндөн-күнгө, тигилемин ан сайын,
Күмөн кылба, ай сезимим кыялкеч.
(А. Ы.) 23-март. 2022-жыл.
========Түшкө неге...?========
Күттүм сени, билбейм неге келбедиң,
Кайда жүрдүң, капарыңа илбедиң.
Капилеттен, жоодур кара көз менен,
Кыйгач карап, түшкө неге кирбедиң....?
(А . Ы .) 10 - февраль. 2022 - жыл.
============Сен============
Ой тороп, баратыпсың жерди карап,
Көз кырым, салып өттүм каршы тарап.
Бей капар, кыйгач басып өтүп кеттиң,
Артыңдан, кала бердим карап-карап.
Көз кагып, карай берип түңүлгөнчө,
Көрүнбөй, жай бурулуп үзүлгөнчө.
Бир элес, оюм жеңет гүлгө оронуп,
Көңүл төп, көз алдымда али күнчө.
( А . Ы .) 6 - февраль. 2022 -жыл.
============Сен============
=========Жок жаман=========
Сен алыста, туюласың бир кадам,
Калчуу болуп, ал сурашмай деп салам.
Суз татымал, өтсүн дүйнө тар өңдүү,
Шүгүр дейли, баарынан да жок жаман.
(А. Ы.) 4 -февраль . 2022 - жыл .
Урматтуу достор, ага-ини, эже-карындаштар! Ушу роликти угуп көрүп лайк басып колдоп коюңуздар? Сиздерди урматтоо менен алдын ала ыраазычылыгымды билдирем. Ар дайым бар болуңуздар. Үй-бүлөөңүздөргө тынчтык өзүңүздөргө чың ден-соолук!!!