Медиа өзгөрдү: аудитория, контент, журналисттердин иштөө ыкмасы, кала берсе киреше табуу жолу да өзгөрдү... Калем ээлери мезгил талабына ылайык жаӊыланууга мажбур болушту. Ушул багытта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын журналисттерине жана студенттерине билим берүү программасы башталды. Ош шаарында өткөн жүз ачар тренингке Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун иликтөө боюнча координатору Жазгуль Ибрагимова катышып, долбоор тууралуу маалымат берди. “CABAR.asia долбоору Улуу Британиянын Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен ишке ашууда. Башкы максат - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Ѳзбекстандын журналисттеринин потенциалын жогорулатуу болуп саналат”,-деди Ибраимова.
Окууларды IDAR мед