Хадистер
Кимде ким бир жакшылыкка себепкер болсо,
аны аткаргандай сооп табат.
(Муслим, Имаара -133; Абу Дауд, Адаб-115) Кимде ким бирөөнүн кемчилигин көрүп
айыптаса, ал нерсе өзүнүн башына келмейин
өлбөйт.
(Тирмизий, Кыяма-53) Мусулмандын пайдасыз сөз-аракеттен алыс
болуусу – анын мусулманчылыгынын
жакшы жышааны.
(Тирмизий, Зухд-11; Ибн Маажа, Фитан-12) Аллах сулуу, сулуулукту сүйөт.
(Муслим, Иман-147; Ибн Маажа, Дуа-10) Аллах кулдарына жумшак мамиле кылат,
бардык иштерде жумшактыкты сүйөт.
(Бухарий, Иститаба-4; Муслим, Бирр-47) Чыныгы сабырдуулук – кыйынчылыктын
алгачкы учурунда.
(Бухарий, Жанаиз-43; Муслим, Жанаиз-14-15) Адамдарга ырайым кылбаганга, Аллах да
ырайым кылбайт.