Эгемендиктин баркын билип, туубузду аздектейли Алла Таалага чексиз шүгүр, Кыргызстандай ажайып кооз, табияты таза, абасы тунук жана 90 пайыз мусулман калкы жашаган мекенди Жараткан насип кылып, жашоо кечирип келебиз. Мамлекетибиздин эркиндиги, динибиздин эркиндиги Алланын чоң жакшылыгы, белеги. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” демекчи, кылымдарды карыткан кыргыз эли нечен кыйынчылык, оор мезгилдерди башынан кечирген. Даанышман элибиз башына мүшкүл иш түшкөндө бир муштумга биригип, ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берип келген. Андыктан ар бирибиз ынтымакты туу тутуп, ынтымакта, биримдикте, достукта өмүр сүрүүбүз кажет. Урматтуу кыргыз элим! Аллага шүгүрлөр болсун, мекенибизде мечиттер салы