Куткаралбай жан-дүйнөнү санаадан,
Күн кечирет ар башкача ар адам.
Чыйрыктырган бүт кайгымды унутуп,
Чыгып кеттим,бүгүн борбор калаадан.
Жолдор узун а ойлор күлүк болгон,
Жолоочумун жашоодо үмүт толгон.
Ташка чеккен жазуудай тарыxтагы,
Тагдыр кандай күндөрүн түзүп койгон?.
Н.Жумалиева
***
Агымында мезгилдин агып жатам,
Ар таң үчүн,үмүттү жагып жатам.
Ар күнү жаңы ырлар чыкбаса да,
Ара кезде ырларым жазып жатам.
Түндөргө шерик болуп жүргөн кезим,
Түгөнбөгөн тилекти үйгөн кезим.
Жабыркаган көңүлүм жылытам деп,
Жалын отко кайрадан күйгөн кезим.
Коён өңдүү бириндеп күндөр окшош,
Кагылышкан жүрөктө үндөр окшош.
Оодарылган дүйнөмдүн жарымындай,
Огу менен айланган түндөр окшош.
Куюн басып күчүмдү учурбасын,
Кулап канча сынылдым учурда чын.
Таш түшкөндөй төбөмө аңдап алдым,
Тагдыр бизге эч качан утулбасын.
Ак баракты чиймелеп жазган дүйнөм,
Алы кетип түрүнөн азган дүйнөм.
Баркын билбес өмүрдүн тыйынчалык,
Башаламан,кайдыгер жалган дүйнөм.
Н.Жумалиева
ЖАРЫК ЖАН
Карууң кетип калбаганда дарманың,
Кара түндөй сезилгенде жан жагың.
Унчукбастан,жөн гана алга умтул,
Унутбастан баткан күндүн таңдарын.
Көп сыноого кептегенде тагдырың,
Көр тирилик иргегенде калбырын.
Жан-дүйнөңдүн түпкүрүнө сактагын,
Жакшы күндүн эсеби жок барлыгын.
Чагылгандар чаккан кезде күнү-түн,
Чоктой ысып алоолосо күйүтүң.
Чымын жаның калгычакты күрөшкүн,
Чырагыңдан өчүрбөстөн үмүтүң.
Туман басып адашканда багыттан,
Турмуш дагы урай түшөт калыптан.
Өйдө-ылдый чар тараптан издебе,
Өзүң үчүн,дал өзүңсүн жарык жан.
Кереги жок көп санааны үйгөндүн,
Керегеси,уугу болгун дүйнөңдүн.
Тизмегинен чыгарса да адам зат,
Тикен жолдо гүл жашоого үйрөнгүн.
Н.Жумалиева
НООКЕНИМ
Тактай албайм,кооз жерлердин эсебин,
Тамыр алган чынардайсын мекеним.
Топурагың алтын билсең мен үчүн,
Тоодой бийик,алтын өрөөн Ноокеним.
Ак алтындар талаа толуп жайылган,
Ак мөңгүлөр оргуштаган сайымдан.
Башка жерди бейиш кылып берсе да,
Кетким келбейт,берекелүү айылдан.
Аталардын тилдеринде ак бата,
Апалардын жан дүйНөсү таптаза.
Наристенин күлкүсүндөй аруулук,
Ноокенимдин элдери да башкача.
Жайда салкын мемиреген аптабың,
Жаз,күзүмдү улап өтөт ак карың.
Өзгө журттун билсем дагы кооздугун,
Өзүңдөгү жылуулукту таппадым!
Н.Жумалиева
***
Ойлорум жыйналбастан чачылат да,
Ооруга ылаң кошуп ашырат да.
Каруумду кетиргенсип түнүм дагы,
Каректерден уйкумду качырат да.
Ай окшойм.Көөдөнгө дак толуп калган,
Айттырбастан жартымды бөлүп салган.
Күн артынан улоого өмүрүмдү,
Күйүп жанып кайрадан толукталган.
Күн окшойм.Кээде булут каптап алган,
Күлкү ордуна күйүттү жаттап алган.
Чагылгандар чапкылап өтсө дагы,
Чачар нурду өзөкө сактап алган.
Жаан окшойм.Мөндүрлөргө аралашкан,
Жан дүйнөнү сел кылып сабалашкан.
Кандай жашоо күтүп турду экен,
Кандай сыноо кечилет эми баштан?!
Н.Жумалиева