КЛАССТАШТАРДЫН ЖОЛУГУШУУСУНДА
Жубайың менен жуп болуп,
Жуурулушкан кут болуп.
Кырк жылдык жолугушууга
Классташ,
Келдинби бүгүн туш болуп!
Сагынычтарга жык толуп,
Саргайып жүрөк бук болуп,
Санааркап турган учурда
Классташ,
Сайрачы алтын куш болуп!
2014.май айы.