ЖОЛ БОЮНДА ЖАЛГЫЗ ТАМ
Кайнатамын үйү турат айылымда,
Короо жайы турчу эле калыбында.
Кырк жашында кайними кырсык алып,
Караңгы түн каптап кирди башыбызга.
Бир убакта бапыраган базар эле,
Бул үй бүлөө ынтымакта жашаар эле.
Бала чака шаңга бөлөп короону,
Бак дарак да, тегиз гүлүн ачаар эле.
Жылы өтпөй кайнатам да өтүп кетти,
Жылдар өтүп жашоонун даамы кетти.
Жайнаган ушул үйдө эч ким калбай,
Жол боюнда жалгыз там турат эми.
Үйдү көрсөм, ырайымым келет менин,
Үн алышып сүйлөшкөнсүйт теректери.
Үн сөзү жок жалдыраган жалгыз там,
Үй бүлөөсүз канча жылдар турат эми.
Айнаш Исмаилова.
11.02.2022.
Москва.
Эски там ээн турат кыштагымда, Эбактан ээси жок деп бузбагыла. Тубу бир тууган болом мен силерге, Тунулуп тизменерден сызбагыла. #Туулганжер,Алай #Атауй #жошолу #Атажурт