Черик (түркчө аскер, кошуун) – байыркы кыргыз урууларынын бири. Этностук аталыш 7–8-кылымдан белгилүү. Кытай жыл баяндарында эскерилген чэ-ли этноними Л. Базен тарабынан черик формасында окулган. Кытай булактарынан башка маалыматтарда – сак дарегинде чериктердин бүгүнкү Чыгыш Түркстанда жайгашканы эскерилет (7-кылым) Бул процесске башка кыргыз уруулары да катышкандыгы маалым. Чыгыш түрк мамлекетинин каганы Элкаганды Тан династиясынын аскер башчысы кол башчы Ли Цзинь жеңгенден соң, чериктер Юну Чжуну акимчилигинин аймагына жайгаштырылган. Ушул окуялардан соң, чериктер башка түрк (кыргыз) тилдүү уруулар менен бирге, Тан династиясынын императорунун Тайшань аттуу ыйык тоого жасаган сыйынуу аземи