*Пайгамбарга салават айталы!*
Алла Таала Куранда: *"Чынында, Алла жана анын периштелери пайгамбарга салават айтышат. Оо, ыйман келтиргендер, силер да ага чын көңүлдөн салават айткыла"* деп буйруган. Пайгамбардын (ага Алланын салам-салаваты болсун) атын укканда, айтканда, жазганда ага салават айтуу керек. *"Менин атымды угуп туруп мага салават айтпаган адам - өтө сараң"* - деп пайгамбарыбыз өзү айтып кеткен. Мындан сырткары да пайгамбарыбызга ар дайым салават айтуу биз үчүн зарыл. Анткени, салават айтуу да ибадат болуп эсептелет жана салават айткан адамга пайгамбарыбыздын шапааты (колдоосу) болот. Бир хадисте: *"Менин колдоомо, мага көп салават айткандар татыктуу болушат"* деп айтылган. (Има