Жети жетим, беш кайып, үч арсыз.
Үч арсыз. Кыргызда үч арсыз деп уйкуну, күлкүнү, тамакты айтышат. Анткени киши табиятындагы бул үч нерсенин чындыгында ары жок. Энеси өлгөн уктайт, бирок курсагы ачкан такыр уктай албайт делет. Тамактын ары жогу ушул. Ый менен күлкү аралаш дейт. Жакыны каза болуп кайгыга батканда же бир чоң кырсык болгондо муң басып томсоруп турганда да кишинин күлкүсү келип, күлүп алган учурлар болот. Ары жок эмей эмне…
Беш кайып. Киши жашоосундагы кайдан, кантип болору белгисиз, ойлогон ойду оодара салып кудайдын буйругу орундалган жагдайлар бар. Аларды кыргыз дүйнө таанымында кайыптын иши дейт. Элибиз насип кайып, кырсык кайып, дидар кайып, нике кайып, ажал кайып деп бөл