Предыдущая публикация
Жүрөгүм тоңгон эле музга айланып.
Жылуулук жок телмирген кыш жайгарып.
Эмнегедир жаздын жыты келип турат.
Сен келип кышым бүгүн жазга айланып.
Байкатпай сен бастырып кирип келдиң
Жылытып ак кар баскан мөңгү жерин.
Жаз гүлүндөй соолубасын бул сезимдер.
Гүл ачып гүлдөп турсун,күндө деймин.
Сен келип караңгы түн аткан таңдай.
Серпилип шамал менен жарышкандай.
Сезимге тутандырып отту жактың
Муз болгон жүрөгүмдү жылыткандай.
Сен келип жаны жашоо күлүп бакты.
Жүрөгүмдө сага деген сезим жанды.
САМАРА КИМСАНОВА 03.12.14
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев