Депутаттыкка сунуш түштү
Сунуш түштү, туугандар. Депутат болушум керек экен. «Сен татыктуусун», дешти. Түнү бою уктабай чыктым. «Неден жаздым, неден жаңылдым», дейм ичимен. «Жарытылуу костюмуң жок, байкушум. Деректир акемин костюмун жеңемен сурайт окшойм...» деп келинчегим жанымда өзүнчө буйшаман. Анан дагы кейигендей, «Элден чыгат деген шу экен да...» деп оор улутунуп коет. «Минеге элден чыгат экемин» дейм. Кемпиримин сөзү жакпады, мага. «Патта аканин баласы депутат болгондон бери жок болуп кетти го. Карачечекей эжесинин тажиясына келбей койду. Элдин баары айтып атат. Элден чыккан шу деп атышат», деп аялым, кабатыр болуп алган. «Ээ, пешенеге жазгынан көрөбүз да, байбиче», дейм.
Мектепти
АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ОТУЗ ЖАШ
Ырас өмүр кандай кыска, кандай аз...
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?
Ал зымырайт, үстү үстүнө камчылап,
Жегээр жери, түшөр үйү барчылап.
Эгер анын жетээр жери бар болсо,
Неге суудай тынбай агат адамзат?
Ошондуктан тынымы жок өмүрүм,
Уч-кыйры жок алыс жолго шаштырат.
Бүгүн дуулдап, кечкимди ойлонбой,
Кечээ жыргап: эртеңиме кайдагы ой.
Мени алдаган жаштыгыма ишим жок,
Өлүм мени эркелетип койгондой?!
Ушунча күн, ушунча жыл арасы,
Жана гана, бая гана болгондой.
Шайтан көрдүм–долулугун карачы,
Байкуш жандын момундугун карачы,
Өлүм-өмүр ар