Чыныгы достук

Бирин –бири эң жакшы тааныган эки кыйышпас дос бар эле. Ал экөө бала чагынан чогуу жүрүп, көп күндөрүн биргеликте өткөрүшкөн. Бирөөсүнүн пейили тар, митаам болсо, экинчиси ак көңүл, жайдар мүнөз , сылык-сыпаа келген, көп сүйлөөнү жактыра бербеген жигит болчу. Күндөрдүн биринде өз камы үчүн жүгүргөн дос ак көңүл досуна барат да, ага иши жүрбөй жатканын айтып, көп өлчөмдө акча сурайт. Досунун өтүнүчүн четке кага албаган жигит колундагы болгон каражатын ага карматат. Бир топ убакыт өткөндөн кийин ач көз дос, ак көңүл досунун үйлөнө турган кызын жакшы көрүп калгандыгын, ансыз өмүр сүрүүгө мүмкүн эместигин айтып досунун алдына келет. Бир тууганындай мамиле кылган адал дос, кыз үч