ДААНЫШМАНДЫН ЖООБУ
Жол четинде эки киши нанүшта (эрте мененки тамактануу) кылуу үчүн токтошту. Алардын биринде беш, экинчисинде үч токочу бар эле. Ал учурда аларга бир жигит келип кошулду. Ал олтургандарга салам берди, алар алик алып, аны дасторконго бирге олтурууга чакырышты. Жигит алар менен дасторкондо чогуу нанүшта кылды. Үчөө биригип сегиз токочту жеп бүтүрүштү. Жолоочу жигит капчыгынан сегиз алтын теңге чыгарып:
-Силерге рахмат, бул акчаны токочуңардын акысына алып койгула – деди.
Берки экөө теңгелерди алып, өз-ара бөлүшүүгө түштү. Келише албай тартышып калышты. Беш токочу бар адам мындай деди:
-Беш теңге мага, үчөөсү сага болуш керек, себеби менин токочум бешөө, а сеники болсо үчөө б