Он сегизде үйлөнөм деп чыр салсам.
Үйдөгүлөр, эч ким мени укмаксан.
Үйлөнүүгө жашсыз али бала дейт.
Айлам кетип, женем менен сырдашсам.
Он тогузда, дале келчү үйлөнгүм.
Анда дагы, эч ким укпай күйгөнмүн.
Келин алып, кел дейби деп жалдырап.
Карап турам, чыга калса үйдөн ким.
Жыйырмада шаардамын кычырап.
Үйлөн деген, ойлор кеткен ыдырап.
Бирин сүйүп, сүйөмүн деп кыйкырып.
Кийинкиге, сүйөмүн деп шыбырап.
Андан кийин, мезгил өттү токтобой.
Менде жыргал, шапар тепмей ойномой.
Жыйырма беш, жаштан өтүп калсам да.
Жыргап жүрдүм, үйлөнүүнү ойлобой.
Кийинчерээк, үйлөнчү деп жалдырап.
Үйдөгүлөр, ар күн сайын жан сыгат.
А мен болсо, үйлөнбөйм деп коюп.
Баягыдай жүрө бердим жаркырап.
Минтип жүрүп, а
КЫЗЫКТУУ ОКУЯ
===============
Бир жигит такваа бир кишинин кызына үйлөнмөкчү болуп атасынан кыздын колун сураптыр. Атасы, жигитти карап көрүп макулдугун бериптир. Өтө түшүнүктүү такыба киши болгондуктан кызынын калыңына бир кап өрүк алыптыр.
Ак батасын берип амаанат кызын жигитке тапшырыптыр.
Арадан бир, эки жыл өтүп кыз үйбүлөсүн сагынып күйөөсүнөн үйүнө алып барышын суранат. Жигит макул болуп жолго чыгат. Бирок келинчеги жалгыз эмес эле, кудайым буларга бир уул, наристе берген эле. Жолдо чоң бир дарыя бар эле аны кечип өтүш керек болот. Колуна уулун көтөрүп келинчегин жетелеп суудан кечип өтүп баратышса, келинчеги буту тайып сууга жыгылып түшөт. Күйөөсүнөн жардам сураса күйөөсү: "тур өзүң
Айтканымды алып бербеген АТАМА рахмат...
Өзбекстанда төрөлүп, ошол жактан мектепти бүттүм. Бизде бул жактагыдай кенен жайыт жок. Малды пахта талаасынын жээгине казыкка кагып же тытка байлап, пахтанын ичинен, арыктын жээгинен же шаалынын (гүрүчтүн) арасынан колуң менен чөп терип бересиң. Малым чөп жеп жатканда жанында китеп окуп отурчумун. Кечинде мал жебей койгон чөптү күндө 4-5 км алыстыктан үйгө желкеме көтөрүп келчүмүн. Жалгыз тилегим 11-класты бүткүчө ушинтип чөп көтөрүп кыйналбай атам мага эшек алып берсе. Бирок атам алып бербеди... Негизи атам алдырышым керек болгон нерселерди кагазга тизмектеп келсем, ошонун 80%ын: сабыр кыл заарылчылыгы жок - деп алып бербейт болчу. Атам алып бербег