*"АЯЛЗАТЫНЫН АСЫЛДУУЛУГУ"*
О, Эркектер! Аялдарыңарды ыйлатпагыла! Анткени, аялдын төккөн ар-бир тамчы көз жашы Алла Тааланын астында эсептелип турат.
Аял бутуңдан жаратылган эмес, анын укугун тепсеп кордооң үчүн. Башыңдан жаратылган эмес ага үстөмдүк кылууң үчүн. Аял жүрөгүңө жакын кабыргадан жаратылган, аны жакшы көрүүң үчүн.
Аял заты кандай жакшы. Наристе кезинде ата-апасына бейиш эшигин ачып берет. Бойго жеткен кезде күйөөсүнүн динин толуктайт. Эне болгон кезде кадамынын астында бейиш болот.
Бир киши аялы менен урушуп калат. Аялы ачууланып төркүнүнө кетем деген ойдо кийимдерин баштыгына салыштыра баштайт. Абалды түшүнүп калган күйөөсү аялына карап жылмайып, жылуу сөздөрдү айтып: "Эмн