Сарногоев тирүү болсо балким ушинтип жазат беле деп ойлоп кетем.
ОЙГОНОЛУ КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ
Этек болот тоолордун жапыз жери
Этектеди кыргыздын жигиттери
Ээгине эчкидей сакал коюп
Экинчи үй тутушкан мечиттерди
Эрендерим арабка малай болсо
Эмне болот кыргыздын келечеги!?
Жээк болот деңиздин тайыз жери
Жээктеди кыргыздын жигиттери
Жетелешип экиден гейге айланып
Жер каратты бир тууган,ата-энени
Жалындаган кыргыздын доору бүтүп
Жарым эстер баркыңды кетиреби?
Саздын болот чиркейлүү сасык жери
Сазга батты кыргыздын жигиттери
Самсаалашып кээ бири дамбал кийсе
Сасып арак ичүүдө кай бирлери
Сагызгандай шакылдап ушак айтып
Сайракандан калбады артык жери
Чоку болбой кыргыздын жигиттери
Чокуга жеп кордолуп бириндеди
Чок кармачу колуңа бок карматып
Чоочун жердин чоң болду чириктери
Чөө сымалы туш-тушка тиштеп жулкуп
Чогуу болуп кыргызым бирикпеди
Ойронбектер оболоп бийиктеди
Онго бөлүп кыргызды жиликтеди
Орус,батыш,арабты мода тутпай
Ойгонолу,мекендеш биригели
Отун болуп жагылбай башкаларга
От бололу кыргыздын жигиттери!!!
05.07.2017. К.К.М.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев