Акын атабыз Б.Сарногоев тирүү болсо балким ушинтип жазат беле деп ойлоп кетем.
ОЙГОНОЛУ КЫРГЫЗДЫН ЖИГИТТЕРИ
Этек болот тоолордун жапыз жери
Этектеди кыргыздын жигиттери
Ээгине эчкидей сакал коюп
Экинчи үй тутушкан мечиттерди
Эрендерим арабка малай болсо
Эмне болот кыргыздын келечеги!?
Жээк болот деңиздин тайыз жери
Жээктеди кыргыздын жигиттери
Жетелешип экиден гейге айланып
Жер каратты бир тууган,ата-энени
Жалындаган кыргыздын доору бүтүп
Жарым эстер баркыңды кетиреби?
Саздын болот чиркейлүү сасык жери
Сазга батты кыргыздын жигиттери
Самсаалашып кээ бири дамбал кийсе
Сасып арак ичүүдө кай бирлери
Сагызгандай шакылдап ушак айтып
Сайракандан калбады артык жери
Чоку болбой кыргыздын жигитт
Кайда барат!?
Келеби күн күлүңдөп тийген таңдар
Кадырын кайран элдин билген жандар
Кайра бир жаралсачы карангүн аа
Калыгул,Кыдыр аке, Тилекматтар
Урдуруп убаданы жомоктотпой
Түз жүрүп, түз сүйлөгөн аткан октой
Кешигин кемитпестен улуу журттун
Келсечи бийлигиңе Раззаковдой
Кайран эл каатчылык камап барат
Тантыган талпактардан жадап барат
Тентитип тезектерге күн түшүрбөй
Бир Манас жаралсачы атаганат
Суу башы курбакалар болуп алган
Кузгундар гүлбагыңа конуп алган
Шерали Кудаярлар Абил бийлер
Акүйгө култуңдашып толуп алган
Килеңдеп кирпик чаптап кашын терип
Акча үчүн абышкага жашын берип
Жол бербей Каныкейге, Айчүрөккө
Чалчактайт Чачыкейлер чатын керип
Кеменгер акыл эстен тайып калган
Ке