АЯТ-АЛ КУРСИНИ АР ДАЙЫМ ОКУП ЖҮРҮ.
Аятал курсини ыклас менен окуган кишинин адам жана айбан акылары жана фарз карыздарынан башка бардык күнөөлөрү кечирилет. Башкача айтканда, тооболору кабыл болот. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Бир момун Аятал курсини бир жолу окуп бардык өлгөндөрдүн рухтарына багыштаса момундардын кабырлары көз көрө албай тургандай кеңейет жана өлгөндөр дагы анын рухуна дуба кылышат”, - деп айткан. Хазрети Али дагы: "Кабыр азабынан кутулуу үчүн Аятал курсини көп окуу керек”, - деген.
Дин улуктары дайыма үйдөн чыгарда сөзсүз Аятал курсини окушкан. Аятал курси сөзсүз коргоочу. Бир күнү Имам Раббани хазрети жубайы менен отурганда терезеден өткөн-кеткен адамдар