“Соккон жүрөк чыга жаздап кабынан,
Өз баласын артык көрүп баарынан.
Баласынын миң түйшүгүн көтөрүп,
Эне кымбат, эне ыйык баарынан”,-демекчи, эне – дүйнөдө теңдеши жок, асыл зат.
“Бейиш энелердин таманы астында” деп да бекеринен айтылбаса керек. Биздин ийгилигибизге чогуу кубанып, ар дайым “кызым” деп бизди ойлоп жүргөн энекелерибиздин ак сүтүн актоо эң чоң милдет эмеспи...
Башканы эстебесек да, күн сайын апакебизди сөзсүз эстейбиз. “Апакем кандай жүрөт экен? Ден-соолугу жакшы бекен?” деген суроону ар бир адам күн сайын ойлонсо керек. Дүйнөдө канчалаган майрам, атайын белгиленчү күндөр бар. Ар бир күнү апабыз жүрөгүбүздө болгон үчүн бардык күн апакелердин күнү деп ойлойм. Ошентсе да апаларг