11- БӨЛҮМ
– Ыйлабай эле турам, мобу көзүмдөн өзү эле суу агып...
Ыйлаганын жашыргысы келген бала буулугуп, өпкөсү көөп турса да ушинтип баатырсынды. Уулунун абалын байкаган Азирет бооруна кыса койду эле, араң турган бала мойнунан чап кучактай салып өксүп жиберди. Балакай буулугуп, ушунчалык ичине батпай кеткен сагынычын жашыра албай ыйлады. Мындайды күтпөгөн Азирет ары шаштысы кете, бир эсе жүрөгү мыкчыла түштү.
– Уулум, сага эмне болду?
– Айданек «оюнчуктардын баары меники. Сенин үйүң жок, атаң менен апаң таштап кетти» деди. Азирет байке, мени атам менен апам чын эле таштап кетиштиби?
– Жок, уулум, бул эми сенин үйүң. Сен бул жакта жашайсың. Апаңдар келишет... Бир күнү келишет...
Азирет уулунун дирилдеген ийиндерин сылай таптакыр башка сөздөрдү айткысы келди. Жан дүйнөсү менен сабылып, ал өзүнүн баласы экенин, жан дилин берип аны жакшы көрүп калганын айткысы келди. Бирок кичинекей бала кайдан түшүнсүн, эрдин кесе тиштеп токтоду.
Ошол эле күнү Аскатты ээрчиткен атасы шаардагы дүкөндөрдү кыдырып, эмнени кааласа баарын сатып берди. Кечки тамактан кийин уулунун бөлмөсүнөн чыгып, өз бөлмөсүнө киргенде гана чарчаганын туйду.
– Уф, бүгүн кечке Аскат менен жүрүп чарчадым,- деди жөн салды гана.
Аялы үн каткан жок.
– Алина?!
– Эмне болду?
– Сага бир нерсе болгонбу деп турам. Бүгүн мага бир сөз да айтпадың го.
– Айтканда эмне, баары бир өз билгениңдей жасайсың.
– Кана айтып көрчү, эмнени туура эмес жасадым.
– Баланы апасына бер! Ал келгени үйдө тынчтык болбой калды. Айданек экөө урушат да турат. Кандай бейбаш бала экенин билбейм.
– Мына кызык, сенин кызың балага «сенин үйүң эмес» деп оюнчуктарын тартып алса, кайра бала күнөөлүү болуп чыгабы, ыя?
– Айданек – экөөбүздүн тең кызыбыз!
– Аскат – менин уулум! Мен анын бир тамчы жашы үчүн көп нерсени курмандыкка чалып жиберишим мүмкүн. Түшүнөм, сага аны кабыл алыш оор. Андыктан сенден мээрим деле күтпөйбүз. Бирок эсиңде болсун, сен ага татыктуу көңүл бура албасаң, менин бош убактым да, көңүлүм да, мээримим да ал баланыкы болот.
– Азирет!
– Ал бала мен үчүн ким экенин сен жакшы билесиң. Мен сага «балалуу болбосок да, өмүр бою жаныңда болом» дегем. Сөзүмө турдум. Эми сен да мага айкөлдүк кыл. Анте албасаң, менден жакшылык күтпө...
Ушул сөздөн, ушул күндөн баштап Алинанын жүрөгүнө бүлүк түштү. Сүйүктүүсүнүн жүрөгүн Бегимай тартып алганы аз келгенсип, кызы экөөнө арналган мээримди анын уулу тартып алып жатканына ызаланды. Аскаттын ар бир кыймылынан атасына окшош жерлерин таап, күйүттөн күл болуп жатты. Пендечилик кылып кээде балага оройлоно, Азирет үйдө жок болгондо атайылап эле оюнчуктарын кызына тартып берип коюп жүрдү.
Ушундай мамилелерден улам күндөй жаркып, ар бир адамга мээрим менен караган баланын жүрөгүнө каар топтоло баштады. Андан да анын апасы менен атасына таарынычы чоң эле.
ххх
Германия. Бегимай атактуу клиникага Муратты жаткырганына көп болду. Мурат оор операцияны башынан өткөрдү. Мынчалык күйөөсүнө берилген адам чанда болор. Бегимайды тагдыр канчалык азапка салган сайын ошончолук чыйралып, Мураттын өмүрү үчүн жан далбастап жатты. Буттарына жан кирсин деп колу карышып калганча массаж жасайт. Олбурлуу немени көтөрүп, алдын кургактоонун өзү кандай азап?!
Сүйүүнү күчтүү дейбиз, бирок кайсы бир убакта кимдир бирөөнүн алдындагы милдет, сыйлоо, болбосо тек көнүп калуу сүйүүдөн да күчтүү болот. Мураттын оорусу менен алышып жүрүп Бегимайдын Азиретке болгон махабаты өзүнөн-өзү жоголуп баратты. Атын укса жүрөгү селт этип кетчү учурлар азайып, кандайдыр бир чарчоо менен эстечү болду.
Бирок баласы ар дайым оюнда. Кээде аны ойлогондо ысык жаш жүзүн жууп, кайда, эмне кылып отурганын да билбей калат. Бир тынчтандырган нерсе – ал Азиреттин колунда болгону. «Ал эч качан уулун жалгыз калтырбайт, мени жоктотпойт. Эки күндүн ичинде эле экөө кандай жакын болуп кетишти...» Ушинтип ойлоду ал терезеден сыртты тиктеп туруп.
– Бема!
– Ов.
Кылчайып, өзүнөн көзүн албай турган күйөөсүнө муңайым жылмайды.
– Келчи жаныма.
– Кандайсың, жакшы уктадыңбы?
– Мен оңолом, бутума турам, алтыным. Жакшы түш көрдүм. Ак боз атка минип алыптырмын...
Аптыга шашып сүйлөгөн күйөөсүнүн жүзүнөн сылап, көкүрөгүнө башын коюп ыйлап жиберди.
– Баары жакшы болот, мен сени түшүнбөйт дейсиңби? Аскатты сенден өтүп мен сагындым. Бутума турсам, өмүрүм өткөнчө башыма көтөрүп багам. Бема, мен сени билбептирмин. Ушунчалык назик адамда мынчалык күч болот деп ойлобоптурмун. Анан да баары бир жүрөгүндө мен эмес, башка деп ойлочумун. Ошол ой мени жеп салчу. Мен эми сездим, сенин жүрөгүң жалгыз гана меники экенин.
– Мурат!
– Сен мени ажалдын оозунан сууруп алдың.
Мураттын жүзү нурданып, кадимкидей тирилип, жашоого кумары ойгонуп турду. Ошол күндөн баштап өзү да тынбай көнүгүү жасап, дарыгердин айткандарын кыйшаюусуз аткарып жатты.
Бул тынбаган мээнет, ажал менен өжөрлөнө айыгышкан күрөш адамдын жеңиши менен аяктады. Толук 1 жылдан кийин Мурат өз бутуна туруп кетти!
Мурат чымыркана ордунан турду... Бир мүнөткө жетпеген убакытка гана салмагын кармай алды да, теңселе түштү. Ушул учурда палатага Бегимай кирип келе жаткан эле. Калтырай боюн түзөп турган күйөөсүнүн жанына жетип барып кармай калды.
– Мурат!
– Жеңдик, биз жеңдик, Бема!
Калтырай кучакташып турган экөөнүн тең жүзүнөн жаш агып жатты. Ооба, бул чоң жеңиш болчу. «Эч кандай үмүт жок» деген врачтардын сөзүнө ишенбей алдыга умтулган, тагдырын ажалдын колунан сууруп алган экөөнүн жеңиши эле. Түшкө кирбес курмандыктардын эсебинен келген, күйөө-аял деген ыйык күчтүн жеңиши болчу. Өмүрдө бардык нерсенин төлөмү болот, бул жолу экөөнүн бактысы, жеңишинин баасы да оңой болгон жок.
Аскат Азиреттин колуна келгенден бери арадан эки жыл өттү. Бул убакыттын ичинде баланын мүнөзүндө чоң өзгөрүүлөр болду. Муштумдай жүрөгүндө ата-энесине болгон сагынычы таарынычка айланып, анан да эч кимге ишенбей калган эле. Эки жылдын ичинде бир гана адам ишенимине кирип, анын идеалына айланды. Ал атасы Азирет эле. Бала кубанычын, кайгысын жалгыз Азирет менен бөлүшө алчу. Кээде кечинде келишин күтүп уктабай жатчу. Бала да, ага болбой көзү илинип кетет. Кандай болсо да Азирет байкеси кирип үстүн жаап, бетинен өөп кеткенин сезип, ошол кубанычы боюна тарап, мемирей уктап калчу.
Жакында мектепке бара турган маалы жетип калгандыктан, Азирет аны өзү окута баштады. Колдору талып кетсе да, Азирет байкесинин көзүнчө чарчаганын билгизбей көпкө жазат.
– Аскоо, балким, колуң чарчагандыр, кичине эс алалы,- деди Азирет аны сыймыктана тиктеп.
– Мектепке мени өзүң алып барасыңбы, Азирет байке?
– Ооба, Айданек экөөңдү тең өзүм алып барам.
– Мен жакшы окуйм, Айданектен... Анан жакшы окуп, чоң жигит болгонумда апамды издейм!
Азиреттин жүрөгү зырп дей түштү. Балакайды көпкө тиктеп турду да:
– Аскат, сен мени таштап кетесиңби чоңойгондо?- деди.
Аскат башын буруп, бакырая тиктеп калды. Ушунчалык тунук, акылдуу, ишенимдүү каректер тиктеп турду.
– Билбейм, чоңойгондо сен мени өзүң эле кетиресиң болуш керек,- деди улутуна.
– Жок, сен каалабасаң эч качан, эч убакта жанымдан чыгарбайм. Анткени... анткени сен менин, өзүмдүн...
Мукактанган Азиреттин көздөрүнөн жаш каканактай түштү. Ар дайым жүрөгүндө толуп, тамагында кептелип турган эки ооз сөздү айта албай келет. Байкесинин абалын түшүндүбү, Аскат партасынан түшүп келип ийинине колун койду.
– Азирет байке, мени эч качан коё бербечи. Апамдар келсе да сен мени коё бербечи. Мен дайым сени менен жашагым келет. Мейли, Алина эже урушса деле, Айданек мени жаман көрсө деле мен сени менен гана жашагым келет.
Азиретке мындан артык бакыттын кереги жок эле. Жаш чайыган көздөрүн кайда катарын билбей, баланы бооруна кысты. «Мына, баары өз ордуна келди. Мындан артык сыйыңдын кереги жок, Жараткан. Мени ар дайым жарым бакыт коштоп келди. Мени эгизимден айырганда эле тагдырымды бөксөртүп кеткен окшобойбу. Өмүр бою экиге бөлүндүм. Апам менен жашап атама кусам ташып, атамды таптым дегенде сүйүүмдү жоготтум. Эми Бема менен бактылуу болом дегенде тагдыр андан да ажыратты. Баарынан куру жалак калып, өзүмдү шордуу сезип жүргөндө тагдыр уулумду белек кылды. Уулум, менин уулум!» деп ойлоп жатты ал. А бирок «бир күнү Бегимай кирип келет» деп да ойлоп жүрдү. Жүрөгүнүн түпкүрүндө ошол жолугушуу болорун билди.
Күткөн адамы келип, маңдайында туруп калганда негедир таң калбады. Бирок аны тиктеп алып, кимдир бирөө жаакка чаап жибергендей нестейди. Бегимайдын боюнда бар болчу! Башкадан! Ачуубу же кызгануубу, ким билсин, бирок жүрөктүн түпкүрүндө бир нерсе көтөрүлүп, окторулуп алгансыды.
– Куттуктайм!- деди ал эч нерсе болбогондой.
– Рахмат. Азирет, мен Аскатка келдим.
– Хм, Аскатка дечи...
– Мени кечир, бирок эне менен баланы ажыратканга сенин эркектик намысың жол бербейт. Мен сени жакшы билем!
– Туура, сен мени жакшы билет экенсиң. Бирок мен сени таптакыр билбейм, Бегимай. Мындан ары билгим да келбейт. Аскатты ала албайсың. Дүйнөдөгү миң бир күчтүү сотту алып келсең да, мен сага баламды бербейм. Билесиңби эмне үчүн? Анткени ал менин акыркы үмүтүм. Сен ансыз да, менсиз да жашай аласың. Ал эми мен сенсиз, Аскатсыз жашай албайм. Сен күчтүүсүң, а мен сенден баш тартканга алым жетсе да, уулумдан ажырай албайм. Сен дагы эне болосуң. А мен дагы ата боло албайм.
Бегимай үн ката алган жок. Тек башын жерге сала угуп отурду. Азиретти аяп кетти. Ушул учурда кимдир бирөө «жаныңды сууруп берсең, Азиреттин кайгысын жеңилдетесиң» десе, ойлонбой туруп жанын сууруп бергенге даяр эле. «Ардагым, асылым менин! Кайгыңдын жарымын ала алсам кана?! Бактылуу кыла алсам кана сени? Ал тургай жаныңа жакын барып, чачыңдан сылай албайм. Анткенге акым жок. Башкамын, бирок сеникимин! Бүтүнмүн, бирок жартымын! Бактылуумун, бирок бактысызмын сенсиз! Ушуларды айтышым керекпи? Жок! Эч нерсени билбесин!» деп ойлоду.
– Аскатты көрүшүм керек,- деди ал чечкиндүү.
Ойлонуп туруп, Азирет баары бир баласы үчүн бүтүм чыгара албасын сезди. Өзүнүн өзүмчүлдүгү үчүн баланы бактысыз кыла албасын билди. Бир убакта ооба дегендей башын ийкеди. Экөөнүн тең тагдыры эми кичинекей Аскаттын колунда болчу!
Азирет Бегимайды колдон ала сыртка жөнөдү.
– Кайда?
– Аскатка, эми экөөбүздүн тагдырыбыз анын колунда.
Өмүрүндө мынчалык жинденип, тагдырына таарынган эмес эле Азирет. Ар дайым жакшы окуя жүз бурчудай, жүрөгүнүн түпкүрүндө бир кереметти күтүп жашачу. Бирок Бегимайдын боюнда бар экенин көргөндөн кийин эч качан андай болбошуна көзү жетти. Эми баласы... Жинденгени ушунчалык, баарын унутуп, Бегимайды түз үйүнө алып келди. Алинадан уялганды да унутуп койду. Дарбазага келип токтогондо Бегимайдын жүрөгү дирт этип алды. Бул үйдө ал бактылуу көз ирмемдерди өткөргөн. Биринчи сүйүүсү Аскат менен көп келишчү. Кудум ошол ортодогу убакыт өчүп кеткендей, кайрадан өзү 17 жаш курагына келип калгандай, ортодогу кайгы, ажыроо, жоготуулар болбогондой сезилди. Ушул дарбазадан аттап кирсе эле баары жай-жайына келчүдөй... Каректерин жаш чайып турган аялдын ички бурганагын Азирет туйбады.
– Мына, келдик,- деди ал кектүү.
– Ази...
Мурункудай жылуу, назик, сүйүү менен айтылган үндөн Азирет онтоп алды.
– Мени эми антип атаба, Ази эмесмин мен сага. Антип атаганга акың жок эми!- деди жиндене.
Бегимай үнсүз баш ийкеди. Дарбазадан кирип келгенде короодо эч ким жок экен. Азирет Аскат дайым бакчада ойноорун билчү эле, дароо ошол жакка жол баштады. Балакай өзү менен өзү алек боло, кумду салаасынан чууртуп, кайра салып ойноп отурган экен. Азирет бир нерсе дейин деди эле, Бегимай унчукпа дегендей белги берип, балага жакындады. Көзү тойбой карап жатты. Эки жыл! Эне үчүн эки жыл кылымга татып кеткен эле. Бою өсүп калыптыр. Аркасынан чыккан дабыштан улам Аскат артына кылчая берди. Апасын дароо тааный албады. Көзүн бардап ачып алып, кайра карады. Жүзүнөн жаш чууруп өзүн жалдырай тиктеп турган аялды тааныганда жүрөгү толкуп кетти.
– Апа?!- деди ал ишенип-ишенбей.
– Аскат, балам, бул мен! Мен келдим!
Бала менен эне бири-бирине кучак жая берди. Экөө менен кошулуп жер теңселип, асман ыйлап жаткандай сезилди.
– Апа, сен келдиңби, мага келдиңби?- жаштуу көздөрүнөн таарыныч да, сагыныч да чачыраган балакай апасынын мойнунан кучактап, өпкүлөп жатты.
– Келдим, кечир мени, жарыгым, чырагым...
– Мени алып кеткени келдиңби?
– Ооба, алып кетем, балам!
Азирет чырмалышкан эне-баланы көрүп, башын чайкай тегеренип кетти. «Кетет экен, кетет экен да!» деди жүрөгү канай. Аларды карап туруп, экөөнү бөлө албасын түшүндү. Ушул учурда кимдир бирөө ийинине колун аяр койгонун сезди. Кылчайып, апасын көрдү.
– Апа, ушул кантип болсун?- деди каңырыгы түтөй.
– Сабырдуу бол, балам, күчтүү бол. Андан башка эмне деп айта алам?..- деди жаны сыздаган эне. Бир топто гана апасынын кучагынан чыккан Аскат Азиретти көрүп жарк эте күлүп жиберди.
– Азирет байке, апам келди...
– Көрдүм.
– А сен эмне ыйлап жатасың?
Жашын акырын аарчыган Азирет аргасыз күлдү. Баланын жанына келди да, чөгөлөй калып жүзүн өзүн каратты.
– Чыныгы эркектер ыйлабайт дегеним эсиңдеби? Бирок, Аскат, чыныгы эркектер кээ бир учурларда ыйлайт. Кээде... жакын адамдарын жоготкондо... Балам, эми сен чоң жигитсиң! Андыктан чындыкты билишиң керек. Ал чындыкты сага апаң азыр айтып берет...
– Азирет, азыр эмес...
Азирет эч нерсени ойлогусу келген жок. Кийинкисин да, мурункусун да ойлогусу келбеди. Башын чулгуй берип, өжөрлөнө Бегимайды тиктеди.
– Азыр чечилиши керек. Эгерде айтканга эркиң жетпесе, анда мен айтайын.
– Мен сенин мынчалык таш боор экениңди билбедим эле.
– Мени таш боор кылган ким, ыя? Мени бардык үмүттөрүмдөн, тилектеримден ажыраткан ким?!
Жиндене бакырып алды Азирет. Жанына келип, анын колунан кармаган Аскат күнөөлүү үн катты.
– Урушпагылачы, мен баарын билем!
Баары селейип калышты.
– Мен сенин, анан апамдын уулумун! Мен экөөңдүн уулуңармын! Азирет байке, мен сенин балаңмын!
– Сен аны кайдан билесиң? Ким айтты сага?
– Алина эже сени менен урушканда мен эшиктин аркасында туруп укчумун. «Анда балаңды алып Бегимайга кет, бактылуу жашагыла, мени жайыма кой» деп урушкан. Кийин чоң апамдан сураганымда ал мага баарын айтып берген. Бирок чоң апама «бул сырды эч кимге айтпайм» деп убада берген элем. Азыр урушканыңарда коркуп кеттим. Мен экөөңдү тең жакшы көрөм!
Азирет апасын тиктеп калды. Мариям жылмая башын ийкей берди. Кубанычтан жүзү албырып кеткен Азирет баланы кучагына кысты.
– Ата!
– Уулум менин!
Дилинен сызылып чыккан бул сөздөрдө баары бар болчу. Уулун кучагына кысып туруп тагдырын, тагдырынын капсалаңдуу оюнун жеңип чыкканын түшүндү.
– Апаң сени сагынды. Аны менен кетесиңби, уулум?- деди ал жеңилдене.
– Ооба, а сен мени коё бересиңби?
– Албетте, бирок «кайра тез келем» деп убада бер...
– Убада берем...
Бегимайга уулун берип жатып көздөрү көзүнө чагыла түштү. Дагы да болсо ушул каректердин алдында алсыз экенин, ушул жандын көз жашына кайдигер карай албасын, керек болсо дагы да бир топ курмандыктарга барарын билди. Бирок өкүнгөн жок.
– Рахмат, асылым!- деп шыбырады Бегимай.
Жолдор бирикпеди... Бирок мындай махабатты баштан өткөрүүнүн өзү бактылуулук эмеспи, ээ, окурман?!
(Аягы)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев