ТАГДЫР ОЮНУ 2
11- БӨЛҮМ
– Ыйлабай эле турам, мобу көзүмдөн өзү эле суу агып...
Ыйлаганын жашыргысы келген бала буулугуп, өпкөсү көөп турса да ушинтип баатырсынды. Уулунун абалын байкаган Азирет бооруна кыса койду эле, араң турган бала мойнунан чап кучактай салып өксүп жиберди. Балакай буулугуп, ушунчалык ичине батпай кеткен сагынычын жашыра албай ыйлады. Мындайды күтпөгөн Азирет ары шаштысы кете, бир эсе жүрөгү мыкчыла түштү.
– Уулум, сага эмне болду?
– Айданек «оюнчуктардын баары меники. Сенин үйүң жок, атаң менен апаң таштап кетти» деди. Азирет байке, мени атам менен апам чын эле таштап кетиштиби?
– Жок, уулум, бул эми сенин үйүң. Сен бул жакта жашайсың. Апаңдар келишет... Бир күнү келиш