Бүгүнкү окуянын каарманы төрт студент курбу кыз. Алардын үчөөсү бир күнү бирге ооз ачмакчы болушуп, бир жерге чогулушат. Ооз ачып, убакытты көңүлдүү өткөрүшөт. Бирок катарында курбусу Медиханын жоктугу билинип турду. Медиха абдан тырышчаак, жакшы окуган кыз. Курбулары сабактан качып кетели дешкенде, Медиха ар дайым аларды бул ойдон кайтарат. Эртеси үч курбу кыз Медиханын үйүнө келишти. Азыр Медиха эшикти ачат, бизди көрүп кубанат, ооз ачып, тамак ичебиз, чогуу көңүлдүү убакыт өткөрөбүз деген ой менен эшикти кагышты. Бирок эшикти кагып, Медиха аларга эшикти ачкандан кийин, алардын куунак маанайы, азыр эле элестетип турган ойлору шамал айдагандай жок болду. Анткени Медиха аларга корккон түр