Кыргыз-Түрк Манас университетинин чет тилдер факультети уюштурган поэзия кечеси жогорку денгэлде өттү. Факультеттин деканы, кафедра башчысы, жалпы окутуучулук курам, студенттер, о.э. И.Арабаевдин, БГУдан келген коноктордун баарына терең ыраазычылык билдирем.
Ыр кече англис тилинде өтүп, Каныкей Калиева эжейдин жетекчилиги менен ырлар ар улуттун тилинде окулду. Англис тилинде обондуу ырлар аткарылды.
Бар болуңуздар, мыктылар.
Урматтуу поэзия сүйүүчүлөр!
Сизди 25.04.2022- ж.саат 15.00дө Кыргыз – Түрк Манас университеинин Гуманитардык факультеинин Батыш тилдери бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган акын-жазуучу, драматург, киносценарист Жыпара Исабаеванын чыгармачылыгына арналган 2022 “Кыргыз поэзиясы котормодо” / “Kyrgyz Poetry in Translation” аттуу поэзия кечесине чакырабыз.
Кыргыз акын аялдарынын чыгармачылыгына
арналган поэзия кечесинин
ПРОГРАММАСЫ
Aчылыш сөзү: Проф. др. Ахмет Беше
Проф. др. Чолпон Найманова
Координатору: Др. ага окут . Каныкей Калиева
1. Жыпара Исабаеванын чыгармачылыгы жөнүндө презентация;
2. “АЯЛ (Бүтпөс монолог) - A WOMAN (Never-ending monologue)” аттуу ы
Кечени уюштуруп жаткан Бишкек мэриясына караштуу китепкананын жамаатына терең ыраазычылык билдирем.
Бар болуңуздар.
Урматтуу окурман, ыр угуп, ыр окуп, ырдап, баарлашып кетиңиз.
Күтөм.
Айтмакчы, эшик баарыңыздарга ачык, акысыз
Урматым менен - Жыпар Исабаева.
Адамдар
Билбейм! Билбейм, эмнеге андайсыңар,
Бир нерсени эч эске албайсыңар:
Ансыз деле бүгүн бар, эртең жокпуз,
Билип туруп бир-бириң каргайсыңар!
Өйдө-ылдый деп, бир-бириң иргейсиңер,
Кем дүйнөнүн кеңдигин билбейсиңер!
Ажалга да бип-бирдей пенделербиз,
Түркүк болчу дүйнөгө ким дейсиңер!
Көңүл гүлүн эмнеге соолутабыз,
Көкүрөктү көйгөйгө оорутабыз.
Жандүйнөнү жанчтырып жаман-жуман,
жарыбаган ойлорго тоорутабыз!
Көрө албастык, жек көрүү, араздашуу,
Кыянаттык, кызганыч, каракташуу,
Таарынычты талкалап таштайлыбы,
Адат болсун жаркылдап кабакты ачуу....
Макулсуңбу, кана анда күлүп койчу,
Маңдайыңда булутту сүрүп койчу.
Ошол миңдин бири дейт дарылыкка,
Өзүңдөн да башканы сүйүп койчу?..
Бил