Өзбек, Казак, Кыргыз болот. Бир күнү кечинде үчөө тамактаналы деп, казанды карашса, бир порция плов калыптыр. Анан үчөө ойлонуп, азыр үчөөбүз тең уктайбыз, эгер "ким жакшы түш көрсө, ошол пловту жейт" - деп, сүйлөшүшөт. Эртең менен туруп, Өзбек: "Мен түшүмдө аппак атты минип, айга барып келдим" - дейт. Казак: "Мен түшүмдө дүйнөгө саякат кылып келдим" - дейт. Анда, Кыргыз: "Сен айга, а сен дүйнөгө саякатка кеткенде, силерди күтүп, күтүп, курсагым ачып кетип, пловту жеп койдум" - деген экен.